У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот экс-судья Эмилбек Мамытовдун “кылмыштуу” ишине акыйкат баасын береби?..

 
Буга дейре маалымат каражаттарында экс-судья Эмилбек Мамытовдун ишкер Раджап Абдурасуловду, анын ишкерликтеги өнөктөштөрү Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” кеткени боюнча бир топ макалалар жарыяланган. Анда экс-судья Мамытов ишкер Абдурасуловдун жана анын өнөктөштөрү менен бирегеликте ачкан темир жол менен жүк ташуу, ал жүктү сактоо жана логистика менен алектенген компаниясына ишке кирип, кийин кайра аларды “алдап” компанияларына, “мүлктөрүнө” ээлик кылып алганы кенен айтылган.  

Түшүнүктүү болуш үчүн окуянын маңызы тууралуу кыскача коомчулуктун эсине сала кетели. Ишкер Раджаб Абдурасулов Казакстандын жараны ишкерликтеги өнөктөшү Архаров Эдуард экөө 2010-жылы «Транс Мониторинг Азия» аталышындагы логистика, жүк ташуу менен алектенген биргелешкен фирманы түптөшөт. Башкы директор кылып экс-судья Мамытов Эмилбек Насиповичти дайындашат. Ал кезде Эмилбек Мамытов ишиндеги кетирген каталык-кемчиликтери үчүн 2010-жылы кызматтан куулуп, ишсиз көчөдө жүргөн болот. Дал ошол иши жок, бош жүргөн Мамытовго боору ооруган Абдурасулов 10 миң сом айлык коюп берип, «Транс Мониторинг Азия» компаниясына башкы директор кылып алат. 

Арийне, «алма быш оозума түш» деп, кылаарга иши, салаарга кушу жок бош жатканда келечектүү компаниянын директору болуп отуруп калганын өзү жакшы түшүнбөй калган Мамытов  Абдурасуловдун боорукерлигинен пайдаланып, анын ишенимине кирип, үй-бүлөлүк катыш түзгөнгө чейин жетет. Өзүнүн бир тууган инисин, баласын, бир нече туугандарын  ишке алат. Кыргызда «бирөөнү сынагың келсе, колуна байлык менен бийлик бер» деп бекер жеринен айтылбаганына, Мамытовдун «боор ооруса боорго тепкен» ач көздүк жоругун көргөндө ынанасың. 

Ал ортодо 2012-жылы Раджап Абдурасулов Россиялык өнөктөшү Куриленко Виктор Николаевич менен биргеликте  «Меридиан-Логистик»  компаниясын түптөйт.  Дал ушул «Меридиан-Логистик»  ишканасынын Россиянын жараны Куриленкого таандык 50 пайыздык үлүшүн Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдук тастыктоосунун негизинде тартып алат. 

Ошондой эле,  экс-судья Мамытов алдамчылык жолдор менен ишкер Р.М. Абдурасуловдун Казакстандык жана Россиялык өнөктөштөрү менен Бишкекке, ул. Осмонкула 113 менен Никитина 2 дарегине салган 4 кабаттуу эки офистик имараттарын да тартып алган. Башкача айтканда, экс-судья Мамытов Осмонкула 113 дарегиндегини бир офисти жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага, ал эми Никитина 2 дарегиндеги офисти өзүнө каттатып алган. Бул офистердин азыркы базар баасы ар бири 1 миллион доллардан турат. 
Балким, экс-судья Мамытовдон башка мурда-кийин сот тармагында иштебеген, күч органдарында байланыштары жок жөнөкөй кишинин “алтымыш эшеке жүк” болчу кылмыштуу иштери болгондо, эчак түрмөнүн төрүндө отурмак. Мындай чуулгандуу окуянын тергөө иштери 3-4 жылга чейин созулмак эместир. Бирок, шибегени капка ката албаган сыңары, баары бир чындык акыры чыкмак. “Ак ийилгени менен сынбайт” деген ырас экен. 

Минтип жылдап тергелген иш акыры сотко ашты. УКМК ишти кылдат тергеп, экс-судья Мамытовго 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо), нотариус Кожомкуловага 235-статья (ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча айып такты. Башкы прокуратура ишти сотко жиберди. Натыйжада, Бишкек шаардык Свердлов райондук соту экс-судья Мамытовго байланышкан кылмыш ишин өндүрүшкө алып карап баштады. 

Ак ийилет бирок сынбайт дегендей, эми сот бул ишке акыйкат баасын берип, жабырлануучулардын бир канча жылдан бери адилеттик таппай келе жаткан көйгөйүн мыйзам алкагында калыс карап, чечим чыгарып берет деп ишенели. Эгерде «карага карганын көзүн чукубайт» болуп, ишти карап жаткан сот экс-судья Мамытовго жан тартып жиберсе, элдин сотторго карата ишенимине чоң сокку урулат. 
Дегенибиз, бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча чырлуу талаш-тартыш бир канча жылдан бери жүрүп келе жатат. Маалымат каражаттарында эчен ирээт жазылды. Коомчулук экс-судья Мамытов жана нотариус Кожомкулова экөөнүн жоруктары менен кабардар. 

Айткандай, сот экс-судья Мамытовду алдамчылык боюнча Казакстандык «Шынгар Транс» компаниясы Алматы шаардык сотуна берип 30 000 долларга,  дагы бир Казакстандык  «Блюс парк» компаниясы 40 000 долларга жакын доо коюп, утуп алышкан жагдайды эске алса ашыкча болбойт. Ошондой эле, дагы бир Казакстандык «Инком транс»   компаниясы 80 000 доллар доо коюп сотко бергенин да белгилеп коюшубуз парз. Дегенибиз, экс-судьянын “көзбоёмоочулук” иштери эл аралык деңгээлде экени билинип жатат.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бир канча ирээт «мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ» бар экенин белгилеп айтып келет. Өлкө башчысы бул маселени жөн эле айтып жаткан жок. Демек, мамлекет башчысында судьялардын былыктуу иштери боюнча жетиштүү маалыматтар бар. Демек, экс-судья Эмилбек Мамытовдун төбөсү чыккан кылмыштуу иш сотто акыйкат каралып, мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баасын алууги тийиш. Арийне, бул чуулгандуу окуя тууралуу президентке да кайрылуулар жетип, кабардар болгон.  Андыктан, сот тармагына реалдуу реформа жүргүзүүнү талап кылып жаткан Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков инвесторлорго көлөкө түшүргөн бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышына кызыкдар десек жарашат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter