У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Китеп – билим булагы” сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

 
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 31 жылдыгына карата бир айлыктын алкагында окуучулар арасында өткөн  “Китеп - билим булагы” офлайн-сынагы жыйынтыкталды. 

2020-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы тарабынан №2 орто мектептин базасында 6-11-класстын окуучуларынын “Китеп - билим булагы” офлайн-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич, Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна, Кыргыз билим берүү академиясынын профессору Рыспаев Сулайман Казыбаевич жана сынактын жеңүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары билим берүүдө мамлекеттик тилге салым кошкон мыкты кызматкерлерге ыйгарылды.

“Китеп – билим булагы” сынагына Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 6-11-класстарынын окуучулары, жалпы 250 окуучу катышты. Жобого ылайык 2020-жылдын 15-18-сентябрында 6-класстын окуучулары  “Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” деген  темада дил баян жазышты. 7-8-9-10-11-класстын окуучулары берилген чыгарманын негизинде   тапшырмаларды аткарышты.
  • 7-класс А.Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси;
  • 8-класс Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести;
- 9-11-класс Т.Касымбековдун “Адам болгум келет” повести;

Сынактын шаардык турунда (2020-жылдын 18-сентябрында) 9-11-класстын 1-орунду алган окуучулары  “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу” темасында эссе-дил баян жазышкан.
Баш байгеге 100 миң сомдук акыркы үлгүдөгү мобилдик телефон, 1-орун үчүн 16 даана велосипед, 2-орун 16даана гироскутер, 3-орун 16 даана планшет, андан сырткары экиден ашык окуучусу 1-2-орунга ээ болгон 4 кыргыз тили жана адабияты мугалимине ноутбук, эң негизгиси ушул окуучуларды даярдаган 52 мугалим үч күнгө Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо коюлган.

Жеңүүчүлөр:
“Китеп-билим булагы“ кароо-сынагында баш байгеге татыктуу болгодугу үчүн Ардак грамота жана акыркы үлгүдөгү 100 миң сомдук мобилдик телефон менен №38 мектеп-гимназиясынын окуучусу Бактыбек уулу Байэл, Ардак грамота жана Ысык-Көлгө үч күндүк жолдомо менен мугалими Кушубакова Салима Керимбаевна сыйланды;
 
1-орунду алгандыгы үчүн төмөндөгү окуучулар Ардак грамота жана велосипед менен, мугалимдери Ардак грамота жана Ысык-Көлгө үч күндүк жолдомо менен сыйланышты:
МектебиОкуучунун аты-жөнүМугалимдин аты-жөнү
1№86 ОМАбдыкамилова НуризаАтанова Орозгүл Мусаевна
2№77 ОМДжааншаева АминаБектурганова Асылгүл Шаршенбековна 
3№87 ОМКенжекулова ТахминаТурунтаева Калбү Амировна
4Г.Гмайнер 
ОТК
Дилдедосов КанатӨскөналиев Нарынбек Абылович
5№69  МГМуканбетова АлинаМамбеталиев Муса Жаныбекович
6№7 ОМЖамгырчиева ГүлданаЫманкул кызы Курманжан  
7№87 ОМИбраимова КанышайКабылова  Давлатай Таировна 
8Г.Гмай
нер ОТК
Аймуканбетов МухаммадӨскөналиев Нарынбек Абылович
9№78 МГОрозобекова ГүлнараЖумагазиева Гүлзана Көчкөнбаевна
10№96 ОМИсанова ТинатинОсмонова Медина Аманалиевна 
11№43 т.э. ОММейманова Гулдана БактыбековнаЖолдошбаева Феруза Гуламовна
12№38 МГБактыбек уулу БайэлКушубакова Салима Керимбаевна
13№69  МГАзамат кызы ЗейнепУсупбай уулу Кенжекул
14№82 ОМТаласбекова ЗаремаБоронова Замира Сапарбаевна
15№87 ОМОмурбекова СезимСагынбаева Гүлзат Муратбековна 
16№64 МГТагай кызы АсияРайымбекова Клара Октябровна
2-орунду алгандыгы үчүн төмөндөгү окуучулар Ардак грамота жана гироскутер менен, мугалимдери Ардак грамота жана Ысык-Көлгө үч күндүк жолдомо менен сыйланышты:
мектебиОкуучунун аты-жөнүМугалимдин аты-жөнү
1№78 МГЖумабекова АянаТокоева Халида Таштанбековна
2№8 ОМАжибекова КамилаТойгонбаева Аида Жайлообековна  
3№33 МГЧомоева АйданаТуксариева Таалайкүл Бейшенбековна 
4Г.Гмайнер 
ОТК
Назар АйанатӨскөналиев Нарынбек Абылович
5№78 МГЖумадилова ЗаринаТокоева Халида Таштанбековна
6№82 ОМРыскулова РахимаМурзаканова Салтанат Дүйшөналиевна 
7№52 ОМЖамбыл  Абдул УарисТиленбаева Жыпаркүл Жумашевна 
8№81 ОМСарымсакова ДианаКыдыралиева Самида Тойматовна
9№49 ОМАйбек к АйдайПаизова Айзат Эрибаевна
10№68ОТК МГАкимбаева НаргизаАламанова Бүбүайша Бектемировна, 
11№66 МГШадыканов ЭмирланТалантбекова Нуржан Талантбековна
12№64 МГКасымова СайкалРайымбекова Клара Октябровна
13№69 ОТК МГМакенова Арзыгуль Рыскелдиева Атыркүл
Зарылыковна 
14№68 ОТК МГМамышева СалтанатЭсентурова Мээримгүл Асановна
15№38 ОТК МГБактыбек уулу БелекКушубакова Салима Керимбаевна
16№79 ОМУланова АйдайКайчыбекова Айида Ишенбековна
3-орунду алгандыгы үчүн төмөндөгү окуучулар Ардак грамота жана планшет менен, мугалимдери Ардак грамота жана Ысык-Көлгө үч күндүк жолдомо менен сыйланышты:
мектебиОкуучунун аты-жөнүМугалимдин аты-жөнү
1№69 ОТК МГАсанкариева НурайАбдыракманова Атыркүл Чынгышбаевна
2№42 ОМРахимова АсемаӨмүралиева Жеңишгүл Токоновна
3№89 ОМАсаналиева ШоолаКармышак кызы Жаркын
4№64 МГИсаева КаухарРайымбекова Клара Октябровна
5№27 ОМУсубалиев ТилекКубанычбек к Калия
6№68 ОТК МГЖумгалбекова АйзадаЭшкулова Гульмира Тобокеловна
7№87 ОМЖээнбеков АбзалТурунтаева Калбү Амировна
8№21 ОМЖыргалбек кызы СыргаБердикулова Асель Турсунбековна
9№49 ОМКанатбекова АсемайОсмоналиева Жаркынай Шарыпкуловна
10№74 МЛМахаматжан к. БегимайАттокурова Канзада Апсатаровна 
11№38 ОТК МГКылычбекова БегимайШералиева Нургүл Молдалиевна
12№64 МГӨжөрова АйбийкеРайымбекова Клара Октябровна
13№78 МГАлымбаева КлараСултанова Салтанат Абдинасировна
14№50 ОМАлиакбар к. АйзатАңырова Аида Жаныбековна 
15№ 66 МГКармышев НурдинАндашева Карима Жиянбековна
16№77 ОМСултангазиева АйдайӨжөрбаева Сабира Абдыманаповна

“Китеп-билим булагы” кароо-сынагында экиден ашык окуучусу активдүү катышып, 1-2-орундарга жетишкендиги үчүн төмөндөгү мугалимдер ноутбук менен сыйланышты:
1. №64 МГ нын кыргыз тили жана адабияты мугалими К.Райымбекова;
2. Г.Гмайнер ОТК кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Өскөналиев; 
3.№38 ОТК МГ кыргыз тили жана адабияты мугалими С.Кушубакова;  
4.№78 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Х.Токоева.
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter