У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Республика" №14: Тышкы карыз үчүн жерибизди эч качан алдыртпайбыз!


"Республика" партиясынын Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондору жана Жалал-Абад шаарында  болгон  жолугушууларда жергиликтүү эл “тышкы карыздын ордуна жерибиз башка мамлекттерге өтүп кетпейби” деген тынчсызданууларын билдиришти.

Партия лидери Мирлан Жеенчороев, "Республика" парламентке келип, тышкы карызды толугу менен эл аралык аудиттен өткөрүп, бул мамлекеттик жүктөн кутулабыз деп убада берди: "Ата-бабаларыбыз мекендеп, бизге мурас катары өткөрүп берген жерибиздин бир сантиметрин да бергенге укугубуз жок. Кээ бирөөлөр уурдаганды гана билсе, биз иштегенди билебиз. Биз тышкы кредиттердин баарын текшерип чыгабыз. Ал жерде параны жалгыз эле кыргыз тарап алган эмес, экинчи жагы да бар. Бул тармактагы  жемкорлукту  далилдесек, ал кредитти жокко чыгарууга мүмкүн болот", - деди.

Мирлан Жеенчороев "Республика" партиясынын берген убадалары жана аларды аткарылышына эл күбө экенин эске салып, бул шайлоонун келечек үчүн мааниси чоң экенин айтты: "Республика"10 жылдан бери элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, керектүү мыйзамдарды кабыл алып, мамлекетке  кедергисин тийгизе турган демилгелерге каршы чыгып, беш жыл мурда берген убадаларды аткаруудагы аракеттерине барыңыздар күбөсүздөр! Биздин партия конкреттүү сунуштар камтылган программаны сунуштап, аны аткарууда да алдыда. Бул жолу да биздин программанын өзгөчөлүгү ушунда, биз саясый реформалардан тартып, ар бир жарандын жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келе турган демилгелер камтылган реалдуу кадамдарды киргиздик. Биз бул шайлоодо туура тандоо жасашыбыз керек, мындан  өлкөнүн эртеңки  багытты көз каранды! Бул шайлоо баарыбыз үчүн  аябай маанилүү. Анткени, азыр казынага колун салгандар, коррупционерлер партияларга биригип дагы бир ирет бийликти алууга умтулушту. Мыйзамсыз жана ыплас жол менен  табылган акчаларын сапырып элди сатып алууга багыт алышты. Мугалимдер, дарыгерлер менен башка бюджетте иштеген кызматкерлерди паспорт чогулткула деп мажбурлаган учурлар болууда. Эркин демократиялык мамлекетте мындай болбошу керек! Добуш берүү кабинага барганда, эч кимден коркпой, чын жүрөктөн, туура партияны тандагыла. Сиздердин ишенимди алып шайланып келсек, биз адискөй, билимдүү, өлкөнү өнүктүрүу милдетин өз мойнуна алган өкмөттү түзөбүз!", - деди Жеенчороев.
 
"Республика" партиясынан депутаттыкка дагы бир талапкер Акпарали Калматов элди-“каражаттын  күчүнө таянып,   акча таратуу  менен  гана  шайланып  келген   партиялар  эч качан  убадаларын аткарбайт, ошол себептен  реалдуу   программасы бар  партияларга добуш бергиле”  деп  үндөдү: "Азыркы учурда эң ыплас шайлоо болуп жатат деп ойлойм. Анткени, мугалимдерди, дарыгерлерди, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп, бизге шайлагыла деп мажбурлап жаткан партиялар бар. Кээ бири элдин добушун сатып алып жатышат. Алар айылдарга барып мекемелердин чатырларын оңдоп, майда-чүйдө  иштерди аткарып добуштарды чогултуп жүрөт. Бирок,элдин жашоосу  ушундан  оңолуп кетеби? Айыктар өсөбү? Өзгөрүү болобу? Ошондуктан шайлоо күнү "Республиканы" колдоп бергиле, өзгөрүү  үчүн добуш бергиле, келечек  үчүн добуш бергиле!”

Партиянын эң жаш талапкери Бексултан Арзыбаев "Республика" мамлекеттик бюджеттин көлөмүн көбөйтүүгө бүткүл күчүн жумшаарын айтты: "Ар бириңердин тандооңор жөн тандоо эмес, терең ойлонулган тандоо болушу керек. Башка партиялар экономиканы өнүктүрөбүз деп убада берип жатышат, бирок анын жолдорун түшүндүргөн жок. Бюджетти толтура турган тармактардын бири - бажы тармагында эмне деген коррупциялык иштер жүрүп жатканын  жакшы билебиз. "Республика" партиясы жемкорлук схемаларын ачыкка чыгарып, тамырын үзүп, казынаны кыйгап өтүп жаткан акчанын агымын бюджетке бурабыз!”? - деп белгиледи. 

"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институтту  жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бир салык киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу кирет. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. Орто жана кичи бизнес экономиканын негизин  түзгөндүктөн, "Республика" партиясынын программасында  бул тармакка  3% насыя берүү каралган.
 
"Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter