У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө үрөй учурган кырсык катталып, аны Чүй ОИИББинин башчысы көзөмөлүнө алды


Мындан туура 3 күн  мурда, тагыраагы  26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен.

Чүй ОИИББинин башчысы бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда тажрыйбалуу кызматкерлер бул окуянын үстүнөн иштеп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айрым маалыматтар айтылбайт", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter