У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК: "Бүгүн Аравандагы мушташ боюнча маселе каралат"


Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Аравандагы мушташ боюнча маселе каралаарын маалымдады.

Анын айтымында, аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинен корутунду келди. Жыйын бүгүн саат 17:00дө өтөт.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter