У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аравандагы мушташтан жаракат алган бир адамын абалы оор деп бааланууда

Кечээ, 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов айылында эки партиянын талапташтары тарабынан чыккан уруштан 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бир адамдын абалы оор. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, чыр «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөгөндөн улам чыккан. Кайым айтышуу күчөп, массалык мушташка айланган. 

Мушташ учурунда 5 автоунаа талкаланып, 12 адам денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылган, бир адамдын абалы оор экени айтылууда. 

Мушташка катышкан 10 адам камакка алынып, учурда сурак берүүдө. Ал эми калган 12 киши ооруканада жатканына байланыштуу суракка кийин чакырылат. 
 
Араван райондук милициясы сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул факты Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter