У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө “Ата Мекендин” штабындагы баннерлерди айрып кетишти, окуяны милиция териштирүүдө

 
16-сентярдан 17сине караган түнү Тоңдун Бөкөнбаев айылында “Ата Мекен” партиясынын райондук штабындагы баннерлерди белгисиз адамдар айрып кетишти.
Партия бул окуя боюнча Тоң РИИБге, райондук прокураторуга жана аймактык шайлоо комиссиясына арыз берди. Ушул тапта милиция кызматкерлери жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Бул “Ата Мекен” оппозициялык партиясынын баннерлерине зыян келтирүү боюнча биринчи факты эмес. Үгүт кампаниясына старт берилери менен Таластын Шекер айылында да түн ичинде баннерлерди жулуп кетишкен болчу. Мындан сырткары атамекенчилердин жолугушууларына жергиликтүү бийликтен тоскоолдуктар болгонун депутат Рыскелди Момбеков айтып чыккан.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Депутаттык мандат үчүн 16 партия ат салышууда. Өнөктүк башталганга чейин эле “Ата Мекен” азыркы бийликке өзүн оппозиция деп жарыялаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter