У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз жанын кыюуга аракет кылган эки адам куткарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган 2 кыргызстандыкты куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, алардын бири Бишкек шаарынын, бири Жалал -Абад облусунун тургуну болгон. 15-сентябрь саат 16:10до  Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун көп кабаттуу үйдүн тургуну  5-кабаттын терезесине чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. 
 
Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Сакалды айылынын 44 жаштагы эркек тургуну насостук станциянын башына чыгып, жанын кыюуга аракеттенген.
 
Окуя болгон жерлерге өз учурунда куткаруучулар жетип барып, жанын кыюуга аракет кылышкан жарандарды куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter