У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Орусияда жарандардын көпчүлүгү коронавируска каршы эмдөөдөн баш тартышууда

Орусиянын жарандардынын көпчүлүгү коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, «Жогорку экономика мектеби» эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоого өлкөнүн ар кайсы регионунан жалпысынан 9 миӊден ашык 18 жаштан 75 жашка чейинки адамдар катышкан.  
 
Сурамжылоо катышкандардын 45, 6 пайызы коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтпөй турганын билдиришкен. Ал эми 24, 6 пайызы эмдөөдөн өткөн адамдарды байкап көрөрүн, эч кандай терс таасирлери болбосо, ооруга жардам бере алары анык болгондон кийин гана эмдөөдөн өтөрүн айтышкан. Болгону 17, 8 пайызы гана вакцинацияга макул экенин тастыкташса, 18, 6 пайызы вируска каршы эмдөөдөн өтүүнү кийинки жылга чейин албай күтө турарын, эгер эмдөө адамдарга жардам берсе андан кийин ала турганын билдирди
 
Эксперттер болсо жарандардын эмдөөдөн баш тартуусунун себебин кадимки эле көрүнүш катары эсептеп, көп адамдар вакциналар ден соолукка терс таасирин тийгизиет деп коркушат. Ошол себептен жаӊы чыккан вакциналарды алуудан баш тартышат деп билдиришет.   
 
Эске салсак, Орусия коронавируска каршы өзү өндүргөн вакцинаны сыноодон өткөрүп, учурда массалык колдонууга берди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter