У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоого аттангандарын 70%ы 6-чакырылыштын депутаттары. Сиз кандай көз караштасыз?


Шайлоого аттанган талапкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү 6-чакырылыштын депутаттары болууда. Мындан улам коомчулукта баягылар эле келет турбайбы деген пикирлер жаралууда. Сурамжылоо жүргүздүк.

Күмөндөр Абылов, КР эл артисти: “Бийлик, быйылкы пандемиянын шары менен өз билгенин кылып жатат”
  • Өтө өкүнүчтүү карайм! Тилекке каршы ушундай кылып жатышат. Бийлик, быйылкы пандемиянын шары менен, эл алапайын таппай, өздөрү менен өздөрү болуп жаткандан пайдаланып, өз билгендерин кылып жатышат. Элдин көбү оорудан, кайгыдан жакшы арылып, шайлоону ойлогонго чамалары жакшы келе элек болуп жатат.

Санжар Энназаров, жеке ишкер: «Мен депутат болуп калсам үчүнчү  жолу депуттатыкка бара албайт деген мыйзам жазмакмын»
  • Мен депутат болуп калсам үчүнчү  жолу депуттатыкка бара албайт деген мыйзам жазмакмын. Бир партиядан экинчи партияга секире албаш керек. Эки жыл мурдагы партиясын тандасын.Жогорку Кеңеш сөзсүз  жаңыланууга муктаж. Жаңы жүз, жаңы идея келсе өнүгүүгө  бир кадам таштаган болот элек.

Алга Кылычов, коомдук ишмер: «Кыргызстан эли 90 пайызы 6- чакырылыштагы депуттатарга ишенбейт»
  • Демек алардын ишеними бийликке чоң. Жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп, бийликтин куурчагы болуп берүүгө жан далбастап жүгүрүп жүрүшкөнүн эл деле жакшы түшүнүп турат. Азыр жалпы Кыргызстан эли 90 пайызы, 6- чакырылыштагы депуттатарга ишенбейт жана көргүсү келбейт. Кыргызстын тарыхында эң ыплас, мамлекетти эмес өз кызыкчылыгын ойлогон мажүрөө, билимсиз, коркок,чечкинсиз депутатар болуп тарых бетинде кара так болуп калат. Жогорку Кеңешке эмес мамлекетти тоноо биримдигине аттангандай элес калтырат...

Талант Сыдыков, ырчы: «Колунан келбегендер барбай эле койсо болмок»
Көз караш анча деле эмес. 6-чакырылышта деле жакшы эл деген депутаттар бар бирок көп эмес, колунан келбегендер барбай эле койсо болмок деген ойдомун.

Мирлан Мазеков, жеке ишкер: «1000-2000 сомго алдансак анда кайра эле ошол акыбал болот»
Тилеке каршы ооба, 60-70% мурунку эле депутаттар, ар кайсы партиядан талапкер болуп аттанып жатат. Эми андан аркы маселе элдин тандоосунда, эл кимге добуш берет ошого көз каранды. 1000-2000 сомго алдансак анда кайра эле ошол акыбал болот. Туура, бул депутаттардын арасында балык депутаттар да, мыкты депутаттар да бар. Азыр көбү басым жасап атпайбы жаштар келсин дегенге, мен ага кошулбайт элем. Жаштар эле эмес, жаңы көз караштагы, жаңы муун келиш керек. Бир сөз бар го, жалаң жаштар келсе комедия, жалаң чалдар келсе трагедия деген. Экөө тең болуш керек, чогуу болгон бул гармония. Болгону азыркы замандын талабына жараша ой жүгүрткөн, жаңы технологияларды түшүнгөн инсандар келсе, эски системаны өзгөртөт деген үмүт бар.
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter