У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдошум түнкү клубдарга барып турбаса ооруп калат...



“Кечирээк үйлөнсүн, ойноп-күлүп алсын деген туура эмес... ”
Балдарды ойноп-күлүп алып, кечирээк үйлөнсүн деген сөздү көп угам. Туура, жаштайынан түйшүккө малынып үй-бүлө баккандан көрө бутуна туруп, окуп-чокуп, көрчүнүн баарын көрүп алып анан үйлөнгөнү туура. Бирок тыйындын эки тарабы бар дегендей өтө кеч үйлөнгөн деле аябай туура эмес экенин өзүмдүн практикамдан көрүп жатам. Жолдошум аябай кеч үйлөндү. Тагыраагы 35 жашында турмуш курду. Мен андан 10 жаш кичүүмүн. Ошончо кеч турмуш курганына жараша үй –жай куруп алса болмок деп ойлоп коем.  Бакыт дүнүйөдө эмес, иштеп таап алабыз, 19 жаштагы балдарга деле турмушка чыгып жатышпайбы деп турмушка чыккам. Көпкө чейин кыз-жигит деле болгон жокпуз. Мен университетте окуп жатканда эле Германияга окууга кетип, жайкысын ал жакта иштеп, айтор бир топ убакыт чет жакта жүрүп калдым. Кеч болуп кетет турмушка чык, үйлөнө элек бала экен деп туугандарым берип коюшкан. Мен деле окуум менен жүрүп тапкан тыйыным турак жай алганга жеткен жок. Эки киши бириксек үй алаарбыз деп турмушка чыгаар алдында каниет кылган элем. 

“Тапканынын бардыгын эс алууга жумшайт...”
Ошентип үйлөнүп батирде туруп калдык. Жолдошум жакшы окуу жайлардын бирөөсүн аяктаса да өз кесиби менен иштебей, бизнес кылам деп көп жолу аракет кылып, көп жолу банкрот болуптур. Бизнес өтө опурталдуу нерсе эмеспи, акыркы жолу катуу банкрот болуп болгон тапкан-ташыганын берип араң кутулуптур. Азыр деле ошол жаата иш кылат. Бирок тапканынын көбүн эс алууга кетире берет. Дегеним, көп убакытка чейин кой-ай деген кишиси жок ээн-эркин өзүнүн гана ырахаты үчүн жашап көнүп калгангабы, айтор тынбай эле түнку клубдарга баргысы келе берет. Жума күнгө чейин араң чыдайт. Ишемби күнү таң атпай кечинде кимде кандай план бар экенин сурап, досторуна чалып чыгат. Достору бошобой калса алысыраак туугандарына чалат. Клубка барбай эле үй-бүлөбүз менен эс алалы, балабызды бир жакка алып барып келели десем көңүлсүрөбөйт. Эч ким аны менен клубка барбай койсо, мени барып келчи деп жалдырайт. Барбай калса ошол жума кабагы ачылбай өзүнөн өзү туталанып сиркеси суу көтөрбөй жүрөт. Бул эмне деген оору? Ошол акчаны чогултуп үй алалы, эс алганды токтотолу десем мени жаман көрөт. Бул адатын кантип калтырам? Жакшы тамак жасап күтүп отурсаң эс алуу күндөрү үйгө келбей, клубдарга кетип калат. Кээде жай отурганда эмне эле ошол жакка кача бересиң деп сурасам сен ал жакты жактырбайсың, ошол жакка барып эс алып турбасам эч нерсеге көңүлүм келбей, кыйнала берем дейт. Демек ага бала-бакыранын, аялдын деле кереги жокпу? 

“Өз туугандары менен деле катышкысы келбейт...”
Мен анын канча акча таап жатканын, ал акчасын каякка коротуп жатканын сурабайм, элчилеп тынчын албайм. Менин төркүндөрүмө болсо таптакыр барбайт, катышкысы келбейт. Меники дейин десем, өз туугандарына деле баргысы келбейт. Апасы чалып жатса кааласа алат, кааласа албай коет. Кыргыздар тынбай эт салып конок тосо беришет, айылы бүтпөйт деп жинденет. Акыркы убакта чогуу жашап жатканым менен үйдө өзүмдөн өзүм жалгызсырап абдан чүнчүп кеттим. Кайрадан көнүп калган чет өлкөгө кетип үй-жай алып эл катары жашагым келе баштады. Азыркы заманда аялдар биринчи үй алып анан турмушка чыкпаса эркекке ишенүү оор болуп калгандай сезим калтырат. Жаш болсо жаш, кыйналды дешет, жашы өтүп кетсе көп бой жүрүп калды дешет, ажырашкандарды стресс абалдан чыга элек дешет. Айтор эркектерге дабаа жок көрүнөт. Турмушумду бузгум келбейт, бирок көңүл кош жашоодо да жашагым келбей бара жатат...

(Автордун аты анын өтүнүчү менен аталган жок)

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter