У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда унаа Нарын дарыясына кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду


Жалал-Абадда жүргүнчүлөрү менен келе жаткан жеңил унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына кулаган. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Таш-Көмүр шаарынын Бишкек-Ош унаа жолунун 449-чакырымында Тойота Виш үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгинен болжол менен 50-60 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала каза болуп, 5 эркек киши ар кандай жаракаттарды алган. Учурда каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.
Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter