У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Хирург: «Дүйнө жүзү боюнча жылына 40 миллионго жакын адам боордун цирроз оорусунан каза болот»


-Саламатсызбы, сурообузду сиздин медицина тармагына келип калганыӊыз туурасында баштасак, эмне себептен хирург болдуӊуз эле?
- Дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, өстүм. Бала кезимден ооруган адамдарды, аларга жардам берген ата-энемди, алардын кесиптештерин көрүп чоӊойдум. Ошол кезде эле дарыгер болом, ооругандарды айыктырам деген тилек болгон окшойт. Себеби мектепти бүткөндө эле эч ойлонбой дарыгерлик кесипти тандап, ушул окууга тапшырдым. Окуумду ийгиликтүү аяктап, М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыгер болуп иштеп калдым. 
Чынында балалык кезде кабылган учурлар, көрүнүштөр адамдын кесип, деги эле жашоодо жол тандоосуна чоӊ жардам берет экен. Атам менен апам 45 жыл дарыгер болуп иштешти. Кичинекей кезимде атамды ээрчип ооруканага бара берчү элем. Ооруканада жаткан бейтаптардын атама айткан алкыштарын, атамдын аларды караганын, дарылаганын, айыктырып чыгарып кубанганын көрүп, ден соолук сакчысы болом деп ойлонуп койчумун. Ал кезде жашмын да, дарыгерлик кесиптин түйшүгүн көргөн эмес элем. Албетте, азыр да дарыгер болгонума эч өкүнбөйм. Түйшүгү жок кесип жок. Кесибимди урматтайм, сыйлайм жана сыймык кылам. 

- Сиз боор хирургиясында иштейт экенсиз, акыркы учурларда боор оорусунун кандай түрлөрү көп катталууда?
- Акыркы убактарда боор оорулары абдан көбөйдү. Алардын ичинен боордун циррозу эӊ көп катталып жатат. Дүйнө жүзү боюнча жылына 40 миллионго жакын адам боордун цирроз оорусунан каза болот. Өнүккөн өлкөлөрдө 35 жаштан 60 жашка чейинки адамдардын өлүмүнүн негизги себеби жугуштуу гепатит болуп саналат. 100 миӊ адамдын ичинен 14-30 пайызы боордун цирроз оорусу менен жабыркайт.  Ал эми Орто Азия мамлекеттеринин арасында жугуштуу гепатит 1-3 пайызды түзөт. Бул оору менен аялдарга салыштырмалуу эркек кишилер көп ооруйт. Оору көбүнчө 40 жаштан жогоркуларда кездешет. Азыр бул оору дагы жашарды. Акыркы жылдары 20 жаштан өткөндөр арасында да кездешип жатат.  

-Бул оору эмнеден улам пайда болот?
- Цирроз оорусунун пайда болушунун эӊ башкы себеби спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу болуп саналат. Көп жылдар бою арак ичкен адамдарда боордун цирроз оорусу менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү цирроз оорусунун пайда болуусунун 40-80 пайызын түзөт. Цирроз менен ооруп калуунун дагы бир себеби жугуштуу В, С гепатит оорулары менен оору болуп эсептелет. Учурда жугуштуу гепитит оорулары эл арасында абдан көп катталып, жайылып кетти. Мына ушул себептен боордун циррозу менен ооругандар дүйнөдө көп катталууда. Жүрөк кан-тамыр оорулары менен жабыркагандар, дары-дармектерди абдан көп колдонуп, дарыга ууланып калгандар да бул оору менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгү бар. 

- Циррозду дарылоого, айыктырууга мүмкүнбү?
- Албетте, дарылоого мүмкүн. Мурда цирроз десе, жашоо бүттү дегенди түшүнчүбүз. Азыр медицина өнүгүп, цирроздун алгачкы этаптарында кайрылгандарды дарыласа болот. Негизи бул оорунун үч формасы бар: жеӊил, оор, абдан оор абалы болуп үчкө бөлүнөт. Эгер өз учурунда дарыгерлерге кайрылып, оорунун келип чыгуусунун себептерин аныктап дарыласа ооруну күчөтүп жибербей, оор формасына өткөрбөй кармап турса болот. Ал эми оор формада болсо, тилекке каршы боорду алмаштырууга туура келет. Башка жол жок. 

- Боордун цирроз оорусунан кийин эле кайсы оору менен ооругандар көп кайрылууда?
- Цирроз оорусунан кийин эле эхинококк, альвеококк оорулары көп катталып жатат. Бул оорулардын табигый булагы болуп чычкандар, суурлар эсептелет. Ооруну алып жүрүүчүлөр, туруктуу жана алып жүрүүчүлөр болуп экиге бөлүнөт. Чычкандар менен суурларды карышкыр, ит жана башка жаныбарлар жеп, алар туруктуу алып жүрүүчүлөргө айланат. Мите курттар алардын ичинде чоӊоюп, өсүп жетилгенден кийин үзүлүп түшөт да, жумурткалары сырткы айлана-чөйрөгө тарай баштайт. Ошондон адамдарга бул оору жугат. Ит-мышыкты сылап, жаныбарларды кармалап келип колду жуубай же чала жууганда жумурткалар тамак аркылуу адамдын ичине кирет. Ошондуктан тамак ичээрде, жаныбарларды кармаганда сөзсүз колду самындап жууш керек. 

- Аталган ооруларды кантип дарылса болот?
- Эхинококк, альвеококк оорулары операция жолу менен дарыланат. Боордогу курттар, ыйлаакчалар кесилип алынып салынат. Бирок альвеококк оорусунда курттар көбүнчө чоӊ кан-тамырлардын жанында жайгашып калгандыктан, ыйлаакчаларды толук алып салууга мүмкүн болбойт. Андай учурда бул оору менен жабыркаган адамдар өмүр бою дары-дармек ичип жүрүүгө аргасыз болот. Тилекке каршы, мындай учурда болгону дарылар менен гана адам өмүрүн узартып кармап турууга мажбур болобуз. Эгер оору абдан өтүшүп, кан- тамырлардын үстүндө жайгашып калган болсо, анда биз адам өмүрүн сактап кала албайбыз. 

-Сиздин практикада адам өмүрүн сактай албай калган учурлар кездешти беле?
- Чоӊ клиникада иштегенде мындай учурлар болбой койбойт экен. 2013-жылы альвеококк менен ооруган 10 жаштагы баланы операция кылып дарылаганбыз. Операция учурунда боордун 80 пайызы жабыркап, 20 пайызы эле таза экенине күбө болгонбуз. Колдон келишинче жардамды берип, операциядан кийин ал баланы үйүнө чейин барып карап жүрдүм. Өкүнүчтүүсү курт өөрчүп, оорусу күчөп каза болуп калды. Анын өмүрүн сактап кала албаганыма, эч нерсени өзгөртө албаганыма, ошол учурда жардам кыла албаганыма өкүнгөм. Ал менин бир тууганымдай болуп калган эле, абдан жаман болгом. Бирок айла жок эле…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter