У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казак ажосу Токаев кыргыз элин көз карандысыздык күнү менен куттуктады


Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

"Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргыз өлкөсүнүн мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында мамлекет жаратман өнүгүү жолу, бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча алдыга умтулган аракеттер улантылаарына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда биздин эки боордош элдин мындан аркы өнүгүүсүндөгү көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу ачык-айкын жана жемиштүү болгон кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө принципиалдуу даярдыгымды тастыктайм. Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБнын алкагындагы евразиялык интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга да, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter