У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Путин кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады


Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын элин жана өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Ал Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүнүү каалап, куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик маанайда өнүгүүдө. Эки тараптуу саясий диалог, түрдүү тармактардагы жемиштүү кызматташтык, ошондой эле ЕврАзЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы аракеттерди координациялоо кеңейип жатат.
Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-россия байланыштарын мындан ары өркүндөтүүнү, коркунучтарга жана эл аралык коопсуздукка каршы чакырыктарга, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыздайбыз деп ишенем. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берери шексиз", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter