У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1-сентябрда 1-класстар билим күнүн мектепте белгилешет


1-сентябрь билим күнү 1-класстар үчүн реалдуу режимде өткөрүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"2020-жылдын 1-сентябры билим күнү, биринчи класстар үчүн реалдуу режимде өткөрүлөт. Биринчи сабак "менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада болот жана мектеп боюнча экскурсия өткөрүлөт",- деп билдирди Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева.

Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып биринчи класстагы окуучулар офлайн окуусун баштайт. Татаал эпидемиологиялык жагдайы бар аймактарда жана окуучулардын саны 20 баладан ашкан көп окуучу бар мектептерде класстар топторго бөлүнөт.

Балдар мектепте болгон учурда санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек:

Мектептин бардык жайларын дезинфекциялоону камсыздоо,
Ички дааратканаларды пайдалануу,
Мектептин кире беришинде хлор килем, кол жуугуч, тепловизатордун болуусу,
Гигиеналык жана антисептикалык каражаттар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter