У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Даңк медалы менен кимдер сыйланат? COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн сыйланган дарыгерлердин тизмеси


Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн бир катар дарыгерлерди “Даңк” медалы менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Даңк" медалы менен сыйлана тургандардын тизмеси:
Жаманов Султан Ырысбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын бейтапканасынын начальниги, медицина кызматынын капитаны;
Исаев Сапарбек Уркасымович - Ысык-Көл облусунун Түп районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун “Арал” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси;
Мазаитов Замирбек Нарзиевич - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №13 атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, старшина;
Ниязбеков Сүйүнбек Ниязбекович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги;
Полотов Баатыр - Ош облусунун Кара-Суу районунун Октябрь айылынын старостасы;
Сиротина Ольга Геннадьевна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын терапевт-дарыгери;
Токторалиев Жоомарт Казакбаевич - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик-медициналык башкармалыгынын начальниги, медицина кызматынын подполковниги;
Торогелдиева Жылдызкан Калдаровна - Ош шаарынын медициналык "Тез жардам" станциясынын врачы;
Чарабаева Дамира Алтынбековна - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери;


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter