У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түз эле билет сатып алса болот. Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн мекенге жол ачылды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана шаарлардагы консулдуктары жарандардын мекенине кайтып келиши үчүн чартердик рейстерге тизме түзүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга байланыштуу “Авиатрафик”, “Аэрофлот”, “Сибирь”, “Тез жет” жана “Урал авиалиниялары” авиакомпанияларына билеттерди расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча сатууга укук берилген.

27-августтан баштап Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандары мекенине кетүүнү кааласа, элчиликке кайрылбай эле авиабилеттерди түз сатып ала алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек менен Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан каттап жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter