У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сооронбай Жээнбеков: «Шайлоодо кайсы партия жеңип келбесин, иштешүүгө даярмын»


Бул тууралуу өлкө башчы 22-августта «Биринчи радиого берген маегинде берилген суроолорго жооп берип жатып билдирди. 
 
Анда: «Бийликчил партияларга артыкчылык берилет деген сөздөр да айтыла баштады. Буга кандай комментарий бере аласыз?»-деген суроо берилди. 
Бул суроого президент Сооронбай Жээнбеков: «Мен буга чейин да айткам. Мамлекеттин алдыга жылуусу, өлкө стабилдүүлүгү үчүн кандай гана партия жеңип келбесин, мен иштешүүгө даярмын.
 
Жогоруда айттым, шайлоонун мыйзамдуу, ачык, саясий атаандаштыкта өтүүсүнө болгон шартты түздүк, мыйзам алкагында. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди. Бардык партияларга бирдей шарттар түзүлдү.
 
Парламент — элдин тандоосу. Эл кандай адамдарга добуш берсе, ошондой парламент куралат. Жыл өткөн сайын жарандардын бийликке болгон талабы күчөп жатат. Азыр жарандык коомубуз күчтүү. Бийликке болгон көзөмөл абдан күчтүү. Жылдан-жылга күчөп жатат. Мындай шартта, элдин эркине каршы чыга турган иш-аракеттердин эч кимге кереги жок жана андай аракеттерди эч ким жасабайт деп ойлойм.
 
Мен өзүмдүн позициямды Жогорку Кеңештин июнь айындагы жыйынында сүйлөгөндө айткам. Партия — бул жалпы коомдун бир гана бөлүгү болуп саналат. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайланган Президентмин. Менин таянганым да, ишенгеним да — Кудай, анан элим. 
 
Президент катары кылган ишим үчүн мен ар дайым эл алдында жоопкермин. Эл талап кылат менден, иш-милдетимди аткарып жатам. Элди кыдырып жүргөндө да менден ошол маселелерди талап кылып жатышат. Элдин талабын билем»-деп жооп берди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter