У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шумдугуӊ кур



Шумдугуӊ кур

Чалыкпас куш
Ааламдагы куштардын зору альбатростор балапандарына жем таап келүү үчүн 11 миң чакырым жерге чарчабай учуп барып келишет. Бул деген дээрлик Москвадан Бишкекке учуп келип, кайра Москвага учуп кеткенге барабар аралык. Ал куштун канаттарынын керилгени 3,35 метрди түзөт. Алар өтө жогору бийиктикте келаткан самолеттер менен кагылышып, учкучтарды түйшүккө салган учурлар көп кездешет. 1976-жылы "Франсэйр" компаниясына тиешелүү Париж-Осло каттамында учуп бараткан "Боинг-737" самолетунун тумшук айнегин Альбатрос бычырата тээп, самолет кыйроодон араң аман калганы бар.

Эӊ майлуу жаӊгак...
Сибирде мөмө -жемиш жок, бирок тайганын адам баласына кут кылган жемиши - кедр жаңгагы бар. Аталган жаңгактын майлуулугу 80 пайызды түзөт. Дүйнөдө бир да өсүмдүк мынчалык көп май бербейт. Сибирликтер муну алтынга теңеп, экинчи нан катары жешет. Базарда сатып, пайдасын шумдук көрүшөт. Бир жагымсыз жери, кедр жаңгагы төрт жылда бир түшүм берет. Аны кадимки жаңгак сыяктуу бийик карагайлардан жерге күбүп түшүрүшөт да, оор устун менен малалап, тикенектүү кабыгынан ажыратышат. Бул жаңгактын бир килограммы 60 рубль. Биздин акча менен 80 сом турат.

Ташка да чач чыгарган дары...
Японияда риал деген аталыштагы дарыны ойлоп чыгарышкан. Ал адамдын гана чачын өстүрбөстөн, бильярдын шарына да чач чыгарат дешет. Эгер, күнүнө эки маал, эртең менен жана кечинде башыңызга аталаган дарыны бир эле миллилитр сүйкөп турсаңыз, жарым жылдын ичинде чачы түшүп, таз болгон адамдардын жетимиш пайызына чач чыгат экен. Анын бир флакону 60 доллар турат. Составындагы миноксидил деген зат кошулган дарыны кан басымы жогору болгон адамдарга сунуш кылышчу. Бирок, медиктердин байкоосунда бул дары кан басымды түшүрүүдөн да чачты өстүрүүгө кыйла жардам берери анык болгон. Ошондон улам анын негизинде риал деп атап, таз баштарга ылайык дарыны чыгарышкан.

Эӊ соргок жаныбар...
Дүйнөдөгү эң соргок жана эң бат көбөйгөн жаныбарлар чычкандар. Бир жылда беш жолу 15-20дан төлдөшөт. Эне чычкан баласын жыйырма күн гана көтөрөт. Эсеп боюнча беш жуп ургаачы чычкан бир жылда бир миллиард чычкан тууйт. Булардын көбөйүүсү өзгөчө он эки жылда бир келе турган чычкан жылына туура келет. Даанышман жаратылыштын өзү гана булардын тукуму жер шарын каптап кетүүсүнө жол бербей, аларды башка жандыктар үчүн жемге айланткан. Эми салыштырып көргүлө, дүйнөдөгү эң алп жаныбар пилдин тукуму өтө жай көбөйөт. Анткени, пил эне баласын эки жыл көтөрүп, бирди гана жарыкка алып келет.

Эң кичине үй...
Ааламдагы эң бир кичинекей үй - Улуу Британиянын Казе шаарындагы IX кылымга таандык балыкчынын үйү. Үй ашкана  жана уктоо бөлмөсүнөн турат. Бир гана жуунуу бөлмөсү жок. Үйдүн узундугу 1,82 метр, ал эми бийиктиги 3,09 метр, жалпы аянты 2,542 метр. Үй ээси Роберт Джонс Улуу Британияны кыдырып, кичинекей үйлөрдү көрүү менен, өзүнүн үйүн баарынан кичине экенин далилдеген.

Эң чоң мечит... 
Дүйнөдөгү эң чоң мечит - Шах - Файсал Пакистанда орун алган. Имараттын жалпы аянты 189 7002 метр. Мечиттин ичинде жана сыртында жүз миңдеген, ал эми ошол мечитке тиешелүү деп эсептелген аянтка эки жүз миңден ашуун мусулман эли сыйына алышат. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter