У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көк бөрү: 31 -августта өтчү президенттин кубогу үчүн мелдеш октябрда өтөт


Эгемендүүлүк  күнүнө карата 31 -августта өтчү көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу  октябрь айына жылдырылды. Маалыматты Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков  тастыктады.

"Бул чечим Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, президенттин аппараты жана өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын биргелешкен макулдашуусунан кийин кабыл алынды. Акыркы он күндөн бери кырдаалга байкоо салып, ушул чечимге токтолдук", — деди Аскарбеков.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter