У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир аял күйөөсүнүн кордугунан көз жумду...




Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун запкысын тарткан аялдардын саны арбып бара жатат. Жолдошунун зөөкүрлүгүнөн  Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 42 жаштагы М.О. жарык дүйнө менен кош айтышты. 

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 12-февралда Сокулук РИИБине аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн жаракат алган аял түшкөн. Жабырлануучу  бир күндөн соң, оор жаракаттан улам көз жумган. 


Маркумдун жолдошу  үйүнө мас абалында келип, газ плитанын жанына тамак жазап жаткан аялга ылдамыраак тамак жазабайсың деп ачууланып, бензин чачып жиберген. Газдагы от алоолонуп аялды каптап, натыйжада маркум оор күйүк менен ооруканага түшкөн.   Кылмышка шектүү катары 46 жаштагы жолдошу М.А. кармалды. Ага «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter