У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош базарынын ичи сыртына камералар орнотулуп, өзгөчө көңүл бурулат


Бишкектеги "Ош" базарынын аймагына өзгөчө көңүл буруу үчүн план иштелип чыгып, Ленин районунун бир нече жерине видеокамера коюлганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ленин РИИБи сырттан байкоо жүргүзгөн камера орноттц.  Аны үчөө айланма камера болсо, жетөө жөнөкөй. Бул аймакта кылмыш көбүрөөк катталары белгиленди. Ал эми Калык Акиев көчөсү, 85 дарегиндеги №1 шаардык милициянын бөлүмү жактагы коомдук байкоо пунктуна төрт камера коюлду.
Ошондой эле учурда Кулиев, Пушкин, Павлов, Бейшеналиева, Бобулов, Рыскулов, Токтогул, Киев көчөлөрүнө жана Чүй проспектине кошумча камераларды орнотуу каралып жатат.
 
 
Мындан сырткары, байкоо системасы менен Фучик атындагы парк жабдылып, айланасына 22 камера коюлду.
Мэрия кошумчалагандай, "Коопсуз микрорайон" долбоору боюнча Жал кичи районуна 52 камера туташтырылды.
Эске сала кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун I жана II баскычтарынын алкагында райондун 17 кесилишинде көзөмөл камералары орнотулган:
  • Ден Сяопин проспекти — Алыкулов көчөсү;
  • Ден Сяопин проспекти — Садыгалиев көчөсү;
  • Чүй проспекти — Фучик көчөсү;
  • Чүй проспекти — Павлов көчөсү;
  • Чүй проспекти — Бейшеналиева көчөсү;
  • Чүй проспекти — Жаш гвардия бульвары;
  • Чүй проспекти — Манас проспекти;
  • Манас проспекти — Бөкөнбаев көчөсү;
  • Манас проспекти — көпүрө;
  • Айтматов проспекти — Горький көчөсү;
  • Айтматов проспекти — Ахунбаев көчөсү;
  • Айтматов проспекти — Масалиев көчөсү;
  • Айтматов проспекти — Северная көчөсү;
  • Ахунбаев көчөсү — Тыналиев көчөсү;
  • Жаш Гвардия бульвары — Толстой көчөсү;
  • Толстой көчөсү — Бакаев көчөсү;
  • Гагарин көчөсү — Алыкулов көчөсү.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter