У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жубайым менин балалуу боло албайт экенимди билбейт...

“Кыялымдагыдай кызга жолуктум...”

Баш кошконубузга 18 жыл болду. Окууну аяктап жатып өзүмдөн 4 жаш кичүү, жаңы окууга өтүү үчүн айылдан келген тыпырайган тың кызга көзүм түшүп калды. Таанышууга көп аракеттерди кылып жүрүп, 2-курсту аяктап жаткан учурунда гана тааныша алдым. Анткени окууну аяктаарым менен Балыкчы шаарына ишке кирип, Бишкектен кетүүгө туура келип калды. Бишкекке барган сайын университетке барып, баягы кызды акмалап карап коем. Жакшы окуган, алдыңкы студенттердин катарын толуктаган кыз эле. 2-курсту аяктап, айылына каникулга кетээр алдында жатаканасын акмалап туруп, биринчи жолу ошол жактан тааныштым. Жайдары, шайдоот кыз болгондуктан тез эле тил табышып кеттик. Айылга барат элем деп сумкаларын жыйнап алыптыр. Автовокзалга жеткирип койдум. “Жайды айылдан өткөрөм, ата-апамдын кичүү кызымын” – деп калды. Ал кезде азыркыдай сотка деген нерсе жок. Кат жазсаң араң 2 айда жообу келет, келбесе жок. Ошентип жай өтүп, окуу жылы башталаар алдында кайрадан баягы кызды издеп борборго бардым. Шаарга жаңы эле келиптир. Экөөбүз жакындан таанышып, жылуу мамиле түзүп, бат эле бири-бирибизге көнүп кеттик.

“Жарашыктуу жубай болдук...”

1 жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Ата-энем үйдүн жалгыз уулу болсоң, жүрө бербей үйлөн деп кыйнай башташты. Көрүнгөн таанышынын кызын айтып эле туруп алганынан өзүмдүн жактырган кызым бар экенин айттым. Дароо эле алып кел деп башташты. Бишкекке барып кызыма айттым. Ал учурда азыркыдай кудалар жолугуп, сөйкө салып, анан үлпөт көйнөк тандап машакаттанбай эле жаштардын көбү шартка жараша үйлөнүп алышчу. Үйлөнүү тууралуу сунушту айтсам кызым алгач эртерээк, бир аз күт деп жаткан. Апам шаарга келип алып кетет, үйлөн деп жатышат десем күлүп: “Апаң келбей эле койсун, өзүм эле барам” – деп мени ээрчип Балыкчыга келди. Жолдон дос балдарым тосуп алышты. Үйгө алып барып, дароо эле кыздын төркүндөрүнө кудалар жөнөп кетишти. Ошентип бактылуу жашообуз башталды. Окуусун аяктаганча Бишкекте батирде жашадык. Окуусун бүтөөрү менен атамдардын жанына келип жашап калдык. Экөөбүз тең дарыгербиз. Иш табуудан кыйынчылык тарткан жокпуз. 



“Баланын зарын жакшы эле тарттык...”

Кудай бардыгын эле жипке тизгендей бактылуу кыла бербейт турбайбы. Экөөбүз бир да жолу урушуп-талашкан жокпуз. Куда-кудагыйлар да ынтымактуу чыгышты. Бир гана өксүгүбүз балалуу боло албай көпкө кыйналдык. Дээрлик 10 жыл балага зар болуп жашадык. Канчалар ажыраш, башка аял алсаң балалуу болосуң деп айтышты. Бирок жубайымды кыя алган жокмун. Ал болсо 10 жыл бою өзүн күнөөлүү сезип, кетем деген да күндөрү болду. 10 жыл дарыланып жүрүп, 11-жылы Бишкекте көпкө чейин дарыланам деп жүрдү. Ошол эле жылы сүйүнүчтүү кабар уктук. Шаардан келип, 1 айдан кийин эле боюмда бар экен деп кубанып калды. Баарыбыз кубандык. Көптөн күткөн уулубуз төрөлдү. Үйүбүз ого бетер бакытка толуп эле жыргап калдык. 
 
“Менин тагдырымды талкалаган анализ...”

Күндөрдүн биринде жакын досум эмнеге 10 жылдан бери боюна болбой жүрдү десең деп эле кобуранып калды. Балким күнөө сенде  болуп жүрбөсүн, жөн эле  текшерилип көрбөйсүңбү дей бергенинен Казакстанга барып текшерилип келдим. 10 жыл эмнеге текшерилип көрөйүн дебедим экен, эмнеге кеч бардым экен?  Анализдин жыйынтыгы мени ушунчалык азапка салды. Көрсө күнөөнүн баары менде экен. Мен балалуу боло албайт экенмин. Эмнеге балалуу болгондо анализ тапшырдым? Эмнеге билбейм... Жубайым кантип эле мени алдасын? Балким ал деле эне болгусу келгендир... Бирок... Мен эми кантип жашайм? Ушул суроолор менен Кыргызстанга келдим. Өзүмө келе албай жарым жыл азаптандым. Жубайым карегимден тең айланып, ушунчалык жылуу мамиле кылат. Ал ошенткен сайын жүрөгүм муздап, көпкө ойлондум. Акыры бул сыр башым менен кошо жатат, башкага үйлөнсөм деле балалуу боло албайм, жубайымчалык мени эч ким асырап сүйө албайт деп ата-энеме да, жубайыма да сырымды ачкан жокмун. Адам болуп жаралганы алгач жолу өзүңдүн балаң деп  колуңа карматса кичинекей ымыркайды сүйбөй кое албайт экенсиң. Өзүмдүн балам деп алгангабы, уулубузду абдан жакшы көрчүмүн. Балага болгон сүйүүм өзгөргөн жок. Мен аны чексиз сүйөм. Анын атасыз өсүүсүн каалаган жокмун. Баягы сырым жүрөгүмдө калды. ДНК тест Россияда, Казакстанда тапшырса болот экен. Балам балким меники болуп жүрбөсүн, анализ жаңылыш чыгып калса керек деп өзүмдү сооротуп, ДНК тест тапшыруудан баш тарттым. Эгер бала сеники эмес деген кагаз карматышса анда жашоодон кечип кетмекмин... Ошол себептен ДНК тесттен корком. Азыр уулубуз 7 жашка чыгып мектепке барып калды. Менин гана жүрөкзаадам, санаам, ички бугум болбосо, бардыгы ойдогудай жашап жатабыз...
Фабула пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter