У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ӨКМ: "18-19-август күндөрү күн катуу жаап сел жүрүшү мүмкүн"


18-19-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаап, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 24…29°, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.
18-19-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter