У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта уйлардын денесине бүдүрлөр чыгып, өлүп жатышат


Талас облусунда уйлардын денесине бүдүрлөр чыгып, өлүп жатышат. Оорунун симптомдору  «нодулярный дерматит» оорусунун симптомдоруна окшош болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Кара-Буура районуну Кызыл-Адыр айыл өкмөтүнүн ветеринары Канатбек Төрөбековдун айтымында, бул илдетке кабылган уйлардын денесинде бүдүрлөр чыгат.

«Бул оору бир эле Кара-Буура да эмес Талас облусу боюнча жүрүп жатат. Кара-Буура айыл өкмөтүндө бардык эле малга дарылоо иштери жүрүп, алдын алынып калынды. Буга чейин бизде мындай «нодулярный дерматит» боюнча оору катталган эмес. Бизде оорунун алдын алуу вакциналарын жазында жана кышында салчубуз. Ал эми бул дерматит оорусуна алдын алуу вакцинасын салган эмеспиз.
Кара-Буура айыл өкмөтүндө 3 айылда малдын оорусун алдын алуу, дарылоо иштери бүтүп, каттоодон өтүп калды. Бизде элдин көпчүлүк бөлүгү өздөрү түшүнүп, дарылоо иштерин жүргүзүп баштады. Бул оорунун белгилери чечек сыяктуу. Малдын денесине бүртүк-бүртүк болуп шишиктер таркап, көздөрүнөн жаш агат. Денесинин баарын бүртүк басып, желининен сүт аз чыгып баштайт. Негизи ар бир уйда симптомдору ар кандай болуп кармашы мүмкүн. Бул иммунитетке дагы карайт экен. Алсыз, арык малды дарылоо иштери узакка созулуп жатат. Ар бир адам уюнан ушул симптомдор катталса сөзсүз бизге кайрылуусу керек. Ал эми бул оорунун адамга жугуу коркунучу жок», - деди ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter