У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин мал союуга жана той өткөрүүгө тыюу салынды

Ош облусундагы сибирь жарасы катталган Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
 
Карантинге байланыштуу Кара-Сөгөт жана Тогуз-Булак айылдарында 25-августка чейин үй жаныбарларын союуга жана той өткөрүүгө тыюу салынды. 
 
Эске салсак, 2-август күнү Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында 9 кишинин катышуусунда бодо мал союлгандан кийин сибирь жарасына шектелип бир оорулуу катталган. Алар 25-июль күнү уй союп, этин Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак, Беш-Мойнок айылдарына таратышкан.
 
Оорунун алдын алуу үчүн таратылган этти алган 288 адамга дары-дармектер берилип, уйду сойгон 8 адамдын дене табы текшерилип, союлган малдын ээсине жана Беш-Мойнок ветсервисинин ветеринардык дарыгерине убагында эмдөө иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн айып салынды.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter