У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Муздаткычтагы жашылча- жемиштерди көпкө сактоонун жолу


Муздаткычтагы жашылча- жемиштерди  көпкө сактоонун жолу
 
Эгер сиздин химиялык кошулмасы бар идиш жуучу каражаттардан аллергияӊыз болсо, анда табигий идиш жуучу каражатты үй шартында жасап алсаӊыз болот. Ал үчүн сода менен горчицаны пайдалануу зарыл.  Бул аралашманы кургак колдонуу ыӊгайсыз болгондуктан, самын менен аралаштырып атайын идиш жуучу каражатты даярдап алса болот. 100 грамм  кир жууган таза самынды кыргычтан өткөрүп, ага 3 стакан суу куюп, аны банкага салып 20 мүнөт сууда кайнатып алабыз. Андан кийин сода менен горчицаны бирдей өлчөмдө салып, идиш жуучу каражаттын бош идишине куюп алабыз да колдоно беребиз. 

Эгер жаӊы алган бут кийим бутту өйкөп жатса ага глицерин же кастор майын сүйкөп, бир канча убакыт коюп коюу керек да, андан кийин жакшылап сүртүп салуу зарыл. 
Жаӊы бут кийим таманга өтүп оорутса аны уксус менен жакшылап сүртүп, уксус сиӊип кеткенче коюп коюу керек.

Түгөнүп калган тиш пастаны дароо ыргытып жибербей, аны тешип зым менен байлап туруп унитаздын ичине салып койсо унитаздын жыты жаӊырып, тазаланып калат.

Үй шартында денеге сраб жасап алса болот. Ал үчүн кадимки жуунучу гелге бир кашык майда тузду аралаштырып коюп, жуунганда скрабды денеге сүйкөп 10-15 мүнөттөн кийин жууп салуу керек. 

Муздаткычтагы жашылча- жемиштерди  көпкө сактайм десеӊиз, жемиштердин астына гезит салып, үстүн кагаз менен жаап коюу керек. Кагаз ашыкча нымдуулукту өзүнө сиӊирип алат да жемиштер кургак болуп көпкө сакталат.

Эгер жасап жаткан шорпоӊуздун тузу өтүп кетсе ага 2 алманы салып бир аздан кийин кайра алып коюу керек. Алма тамактагы ашыкча тузду өзүнө сиӊирип алат. Алма да жардам бере албаса бир чай кашык кумшекер же бир чай кашык алма уксусун аралаштыруу зарыл.

Үйдөгү ундарга курттар түшүп кетпесин десеӊиз унга бир -эки лавр жалбырагын кошуп салып коюӊуз. Ошондо унга курт түшпөйт.

Туз тоголоктошуп катып калбасыӊ десеӊиз, туз сактаган идишке бир аз күрүч салып коюӊуз. 

Помидор жана цитрус жемиштерин муздаткычта кармоого болбойт. Себеби муздак температура жемиштердин даамын бузуп, сапатын начарлатат.

Бут кийимдеги жагымсыз жытты кетирүү үчүн күнүгө аш содасын бут кийимдин ичине төгүп коюу керек. Сода жагымсыз жытты кетирип, бут кийимди дезинфекциялап турат. 
 
  




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter