У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт кошумча төлөмдөрдү төлөп берүүдө медкызматкерлерди төрт категорияга бөлдү

Кыргызстанда 1-июлдан тартып коронавирус илдети менен күрөшүүдө кызыл зонада жана мобилдик топтордо иштеген медкызматкерлердин кошумча төлөмдөрү 20 пайыздан 30 пайызга чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде билдирди. 
 
Кошумча төлөмдөрдү төлөп берүүдө Өкмөт медкызматкерлерди төрт категорияга бөлдү; 
 
1-категорияга кызыл зонада иштеген медкызматкерлер кирген. Мурда кызыл зонада иштегендер күнүнө 2300 сом кошумча төлөм алса, азыр бул сумма 30 пайызга өсүп, 3000 сомго алышат. 

Орто медкызматкердин мурдагы төлөмү 2000 сом болсо, азыр бул сумма 25 пайызга өсүп, алар күнүнө 2500 сом алышат.

Кенже медкызматкерлер мурда күнүнө 1800 сом кошумча төлөм алышса, азыр 2200 сомго көтөрүлүп, бул сумма 22 пайызга өстү. 

2-катергорияга график боюнча иштеген дарыгерлер кирген. Алардын да кошумча төлөмдөрү кайра каралып, кошумча төлөмдөрдүн суммасы 30 пайызга өстү. Мурда дарыгерлер саатына 100 сом алса, азыр 130 сомдон алышат. Азыр 8 саат жумушка 1040 сом төлөнүп берилет. 

Орто медкызматкерлер мурда саатына 90 сом алып жатышса, 33 пайызга өсүп азыр 120 сомго көтөрүлдү. 

Кенже медкызматкерлер бир саатка 80 сом алышса, бул сумма 25 пайызга өсүп, азыр саатына 100 сом алышат. 
 
Тез жардамда иштеген медкызматкерлердин кошумча төлөмдөрү да 25 пайызга чейин көтөрүлгөн. Мурда вирус жуктуруп алган бир бейтапты тейлөөгө 600 сом төлөнсө, азыр 750 сомго өскөн.  
 
Өлүкканада иштеген медкызматкерлердин да кошумча төлөмдөрү 25 пайызга чейин көтөрүлдү. 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter