У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл биринчи курстар жана биринчи класстар сабакка барышабы?


Пандемияга байланыштуу быйыл Жогорку окуу жайга тапшырган абитуренттер менен мектептин босогосун биринчи жолу  аттап жаткан биринчи класстарга кыйын болду. Алардын ата-энелери балдары кандай шартта окуй тургандыгына кабатыр болушууда. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул маселе тууралуу расмий маалымат тарата элек. Болгону онлайн форматта окууга тапшырып жаткан абитуренттер окуу жылы башталганда документтин түп нускасын алып келишет деген маалымат таратты. 

"Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу аралыктан жүрүп жаткандыктан абитуриенттер документтеринин түп нускасын кийин, окуу жылы башталганда тапшырат. Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт.
Мындай эреже Кыргыз-Түрк “Манас” жана Кыргыз-Орус Славян университеттери үчүн милдеттүү эмес. Бул окуу жайлардагы гранттык орундарды Түркиянын жана Орусиянын өкмөттөрү каржылайт жана кабыл алуу шарттарын өз алдынча аныкташат.
Кошумча сынак талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча гана кирүү экзамендери адаттагыдай шартта уюштурулат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, кошумча сынак өткөргөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө камсыздап бериши зарыл" дейт министрликтен. 


Аталган маалыматка таяна турган болсок, канткен күндө да окуу жайдын босогосун жаңыдан аттап жаткан жеткинчектер билим алуучу булагына барышат өңдөнөт. Ал эми биринчи класстардын тагдыры кандай болоору али белгисиз. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter