У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асел Керимкулова, невропатолог: "Көп кайгырган адам көп ооруга чалдыгат"




Асел Керимкулова, невропатолог:

"Көп кайгырган адам көп ооруга чалдыгат"

Жылдан-  жылга  нерв оорулары жашарып жатканын адистер айтышууда, нерв ооруларынын жашаруусуна  эмне себеп болууда?
- Туура жылдан – жылга нерв оорулары жашарууда. Анын себептерине токтолсок, бүгүнкү жашоо- шартыбыздын оордугу,  тамактанып жаткан азык- заттардын экологиялык жактан таза эместиги, адамдардын сабырсыздыгы. Чынында азыр адамдар абдан сабырсыз, ачуулу, орой. Жарандарыбыздын орой, ачуулу болушуна социалдык абалыбыз түздөн- түз таасир этип жатат. Анткени эл толук жумуш менен камсыз болгон эмес. Эртеӊ кантип нан таап келем, балдарымды кантип багам деген ой көп адамдардын жүрөгүн өйүп турат.  Жумушсуздук, каражаттын жетишсиздиги адамдарды стресске алып келүүдө. А стресс менен депрессия нерв оорусунун башаты десек жаӊылышпайм. Мындан сырткары учурда колдонуп жаткан   жашылча- жемиштерибиз да ашыкча нитраттар менен өстүрүлүүдө. Дыйкандар да жашылча- жемиштердин   түшүмү жогору болуш үчүн же аларды  узакка сактоо максатында ар кандай  дары – дармектерди өлчөмдөн көп  колдонуп жатканын эксперттер айтып эле жатышат. Бул да ар кандай оорулардын пайда болушуна жана жашаруусуна шарт түзүүдө.  

- Оорунун 80 пайызы нервтен деген туурабы?
- Ооба, бул сөз жөн эле айтылган эмес. Адам канчалык стресс менен жашаса, көп кайгырса ошончолук ооруга көп чалдыгат.  Ошондуктан биз  эӊ алгач нервти сактоого үйрөнүшүбүз зарыл. 

-  Акыркы убактарда элдер сода, суутек кычкылы менен дарыланып жатканын угуп калдык. Сода менен суутек кычкылынын пайдасы барбы?
- Негизи эле медицинада өзү билемдик  менен  дарылануу  туура эмес деп айтылат. Эгер адамдын бир жери ооруп жатса үйдө жатып алып колго тийген, элден уккан нерселерди иче берген болбойт.  Ооруп калган учурда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл.  Элден уккан нерселерди ичүү менен ден соолукка чоӊ зыян алып келишиӊ мүмкүн. Соданы айрым адамдар зарна болгондо ичишет экен. Зарна тамак сиӊирүү органдарынын бузулушунан улам пайда болот. Андыктан сода ичип алып жүрө бербей, дарыгерге көрүнүү керек.   Ал эми суутек кычкылын ичүүгө такыр болбойт. Ал теридеги жараттарга гана жардам берет. 

- Демек өзү билемдик менен  дарылануунун  арты жакшылыкка алып келбейт экен да?
- Сөзсүз. Ар бир адамдын организми ар башка, бирине таасир эткен дары экинчи адамга жардам бербеши мүмкүн болгондой эле бир адам сода ичип айыгып кетсе, экинчи адам сода ичип ден соолугунан такыр ажырап калышы мүмкүн. Ден соолукту сатып алууга , кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан элден уккан нерселерди ичип өз ден соолугуӊарга кыянттык кылбоого чакырат элем. Негизи эле адамдардын баары жылына бир жолу дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, оорунун алдын алып турганы жакшы. Ооруну дарылаганча анын алдын алган оӊ эмеспи. 

- Дарыканаларда сатылып жаткан кальций, витаминдердин пайдасы канчалык, аларды ичип организмге керектүү витаминдерди ала алабызбы?
- Албетте, аларды ичүүгө болот. Бирок мен витамин ичишим керек, мага кальций жетишпейт деп эле өзү билемдикке салып иче берген да туура эмес.  Баардык эле нерсенин ашыкчасы ден соолукка зыян алып келет. Кальций, витаминдерди  да дарыгердин көрсөтмөсү менен колдонуу зарыл. Аларды ичип баштоодон мурда атайын анализдерди тапшырып көрүү керек. Эгер чынында эле организм витаминдерге муктаж болсо анда дарыгер өзү сунуштайт.  Болбосо биздин организм өзүнө керектүү заттарды күнүмдүк тамак- аштан эле алып турат. Кошумча витаминдер айрым учурда гана керек болбосо аларды жөнү жок эле ичүүнүн зарылчылыгы жок.  

Жаркынай Кадыркулова 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter