У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


COVID-19: Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевден айрылдык


КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевкоронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу анын жакындарына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Жыпар Жекшеев Улуттук госпиталда коронавирустан дарыланып жатканы, 21-июлга караган түнү көз жумган.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.
Ал Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салым кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер болгон. 2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.

"Фабула KG" сайтынын жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter