У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө күндүзгү стационарлар жетиштүү, керек болсо дагы ачылат



Ысык-Көлдө  күндүзгү стационарлар ачылууда. Толуп калыптыр, орун жок деп кабатырланууга негиз жок, зарыл болсо дагы ачыла берет. Бул тууралуу Ысык-көл райондук администрациясы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, учурда жаңы орундар даярдалып бүттү. Зарыл болсо Көгүлтүр Ысык-Көл санаториясынан да орундар даярдалмакчы.

"Урматтуу Ысык-Көл районунун түргундары жана меймандарды. Бүгүнкү күндө оорукана  жана "Алтын Балалык " комплексинде ачылган орундар толуп калып, орун жок болот деп санааркабагыла. Бүгүн биздин бизнесмен агаларыбыз Намазалиев Курманбек  Чолпон-Ата шаарындагы автобекеттин 26 орундуу мейманканасын жана "Ала Тоо" эс алуу жайы 50 орундуу коттеджин күндүзгү стационар катары пайдаланууга беришти. Андан сырткары "Ак Толкүн" эс алуу жайын толугу менен стационар катары пайдаланууга алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кошумча орундар абдан зарыл болгон учурда "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясын да ачабыз" деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter