У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чубак Ажы Жалилов: "Дин жолуна бактылуу кокустук менен келгем..."


 
Кыргыздын чыгаан дин таануучусу, эл сүйгөн устаз Чубак Ажы Жалилов менен курган маектерибиздин бирин жарыяланоону туура көрдүк...

«Бала чагым берекелүү жерде өткөн» 
Базар - Коргон районунун Бай-Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Атам математика, апам англис тили сабагынан өмүр бою билим берген адамдар. Ата-энебиздин жолун жолдоп, бир туугандарымдын дээрлик бардыгы ушул кесипти аркалап келе жатышат. Аларга кошулуп, өзүм да динден сабак берем. Менин айылым бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча абдан кооз айыл. Айылымды мактап айткан сайын уккан адамдар «айылга баргыбыз  келип кетти» деп калышат. Бала чагым ошол сүйүктүү айылымда өттү. Боз топурак буруксуп, унаа өтүп кетсе туман сыяктанып көп убакытка чейин тарабай тураар эле. Дарбыз-коон, жаңгакка бай, айтор берекелүү жерде чоңойдум. Биздин айылдык мектептен окуп чыккандардын көбү  чет жерде окушат жана чет тилде эркин сүйлөй алышат.  Атайын волонтерлор келип иштеп жүрүп, элибиздин көбү англис тилин мыкты өздөштүргөн. Ал эле эмес кээде иттер үрүп атса «англисче» үрүп жатабы деп ойлоп кетем.

«Дин жолуна бактылуу кокустук менен келгем»
Биздин үйдө китеп ар дайым биринчи орунда турат. Кайсы гана жаңы үйгө көчүп барбайлы, башка буюмдан мурда китепке орун беребиз. Атабыз  базарга кандай китеп чыкса, дароо сатып келип берчү.  Мектепти алтын медаль менен бүтүргөм. Дин жолуна мектепти аяктагандан кийин келдим. Ушул жолго келип калгандыгымды «бактылуу кокустук» деп айтса болот. Биз мектепти аяктагандан кийин жакшы окугандарды чет өлкөгө кетиришчү. Мен Түркияга бөлүнүп, ар кандай себептер менен окууга кетпей калгам. Ал учурда жогорку окуу жайга тапшырбай калып, айылга кайра баруу абдан намыс иш болчу. Башка окуу жайлардын баары кабыл алып бүтүп калып, кечигип калгандыгыма байланыштуу медресеге келип окуп калгам. Адегенде чанып, жактырбай жүрүп, бара-бара илим мени өзүнө тартып кетти. Окуумду аяктап, Ислам университетинде жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштеп жүрдүм. Кийин Мекке шаарына билим алганы кетип, тогуз жарым жыл окуп, эки дипломдун ээси болуп келдим. 

«Мени менен Пайгамбарыбыздын ортосунда 33 адам бар »
Башка илимдерде берилген илимий даражалар сыяктуу эле, Ислам диний билиминдеги өзгөчө илимий макам бири «Ижааза»  берилет. Бул даражаны алган адам өзү алган диний илимди башкаларга жеткирүүгө укук алат. Мага ушул «Ижааза» берилип, алган билимимди башкаларга жеткирүүгө, тагыраак айтканда сабак берүүгө укук алдым. Илим бизде кагаздан эмес, ооздон-оозго алынат. Пайгамбарыбыз, андан кийин анын сахабалары жана андан кийинкилер болуп олтуруп, мени менен Пайгамбарыбыздын ортосунда 33 адам турат. Бул  диний тепкичте тургандар Орто Азия аймагында  өтө сейрек. 

 «Университетти аяктаарым менен муфтийлик кызматты мойнума алгам»
Мен муфтиятка келгенде өлкөбүз өтө оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учур эле. Оштогу, Бишкектеги окуялар күчүндө болчу. Ал убакта муфтий болом дегендер жокко эсе болгондуктан, мени муфтий кылып шайлашып, ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатып аманаты аткардым. Болгон аракетимди жумшап, аракет кылдым. Кийин илимий иштер менен алек болгум келип, өз ыктыярым менен жумуштан кеттим. Ушул кезге чейин эле өз ыктыярым менен кеттим деп жатам. Чындыгында ыктыярым менен кеттим дегеним менен жаштыгым, курчтугум, кандай гана нерсе болбосун ачык айтканым көп адамдарга жакпаса керек. Айтор азыр ойлоп көрсөм, университеттин партасынан чыккан балага  2 жыл өтпөй муфтий болуу- чоң кызмат экен. Балким жаштык менен кемчиликтер кетсе керек. Кандай гана болбосун, ушул күндү көрүп жаткан тагдырыма абдан ыраазымын. Учурда Ислам университетинде окутуучу, уламалар кеңешинин мүчөсүмүн. Теледен болобу, гезит-журналдардан, интернет булактарынан болобу, эл менен тыгыз байланышта болуп, колумдан келишинче кызмат кылуу менен алектенип жүрөм.

«Кимде - ким китеби көп болуп китеп окубаса зекет бериши керек»
Китепти бала кезимден жактырып окугандыктан, өтө ылдамдык менен окуйм. Убактымдын тардыгына байланыштуу бир чоң көлөмдөгү китепти 2 же 3 күндө окуп бүтүрүп жатам. Негизи убакыт болсо, бир эле суткада бир томдук китепти окуп койгонго болот.  Өзүмдүн жеке китепканам бар. Шариятта китеп дүнүйө болуп эсептелинет. Эгерде кимде - ким китеби көп болуп, бирок окубаса зекет бергенге милдеттүү. Адамдын негизги муктаждыгынан сырткары болгон бардык нерсеге зекет берилет. Китеп дагы негизги муктаждык болуп эсептелинет. Ошондуктан бардык китептерди окуу зарыл. Ушунча китебимди дүйнө салганда мени менен кошо көмүшпөйт. Китепканам менден кийинки муундарга, жалпы эле элиме калтырган мурасым болуп калса деп тилек кылам. Балдарым тууралуу айтсам, тандоо албетте  өздөрүнүн колунда, ошентсе дагы уулдарымдын бирөө менден калган мурасты алып калганын каалайт элем. 

«Жаштарыбыздын динге тартылып жаткандыгы кубандырбай койбойт»
Башка коңшу мамлекеттерге  салыштырмалуу диний илимге болгон мамилебиз менен Кыргызстан өлкөсү алдыга кетип баратабыз. Көз тийбесин, эгемендүүлүктү алгандан тартып, динге көзү түз падышалар келип жатат. Жаштар динге тартылып, ыйман жолуна түшкөндөр көбөйүп жатат. Сүннөт кийимин кийип жүргөндөрдү көп адамдар туура эмес кабылдашат экен. Алардын өздөрүнүн пикири туура эмес. Кайдагы бир башка улуттун кийимин кийгенче улуттук кийим эле кийбейби деген пикирлер айтылып жүрөт. Ошентип айтып жатып, өздөрү улуттук кийимин кийген жери жок. Керек болсо бийлик төбөлдөрү улуттук кийим кийип, башкаларга үлгү болгон жок. Көкүрөгүнө кичинекей сайма сайып алса эле улуттук кийим болуп калбайт да. Кыргыздын кийими узун кош этек көйнөк, саймалуу чапандар, ою түшүрүлгөн өтүктөр. Буларды ким кийип жатат? Сындап жаткандарга караганда кыргыздын чепкендерин биз көбүрөөк кийебиз. Адамдын тандоосун сыйлай билүүбүз керек. Ким кайсы кийимди кийип жүрсө, ал анын тандоосу. Качан эле Алмамбет, Манас,  Жакыптар костюм-шым кийип жүрчү эле? Жогору жактан тартып университеттин студентине  чейин улуттук кийим дебей эле костюм кийип жүрөбүз го? Сындагандарга: «ынсаптуу болгула, «сынчынын сыңар өтүгү майрык», өзүңөрдүн өтүгүңөр майрык болуп туруп башкаларга сын айтасыңар» дээр элем. Бизде ислам жашаргандан жашарып бара жатат. Жаштарыбыздын динге тартылып жаткандыгы кубандырбай койбойт экен. 

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter