У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир бүркүм…

Кыргызстандан башка бардык өлкөлөр «эркин эмес»
Башкы кеўсеси Вашингтондо жайгашкан “Freedom House” эл аралык укук коргоо уюму 5-февралда жаўы баяндамасын жарыялады. Анда Борбор Азияда Кыргызстандан башка бардык өлкөлөр «эркин эмес» экени айтылды.

Назарбаев чуу көтөрбөгүлө деди
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 4-январда өлкөнүн Конституциялык кеўешине кайрылып, Конституциядагы президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу норманы расмий чечмелеп берүүнү өтүнүп, бул жагдайды «мамлекеттин кадыресе иши» деп атап, ал боюнча «чуу көтөрбөөгө» чакырды.

Түркмөнстан тажик жүк транзитине тыюу салды
Тажикстанга бараткан ондогон оор жүк ташуу унаалары Түркмөнстандын чек арасынан өтө албай турушат. Айдоочулар түркмөн бийлиги 4-февралдан тарта алардын өз аймагы аркылуу өтүүсүнө тыюу салганын билдиришүүдө.

Астанада өрттөн каза болгон кыздар жерге берилди
Астанада 5-февралда өрттөн каза болгон бир тууган кыздардын сөөктөрү жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатууга жүздөгөн кишилер келишти.

«Түркмөн аба жолдору» Европанын «кара тизмесине» кирди
Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги 4-февралда «Түркмөнстан аба жолдорун» «кара тизмеге» киргизип, авиакомпаниянын учактарынын ЕБ өлкөлөрүнө, ошондой эле Европа биримдигинин аба мейкиндигинен учуп өтүүсүнө тыюу салды.

Тажик бийлиги 29 жылга соттолгон оппозиционерди чыгарбайт
Учурда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан белгилүү тажик ишкери жана оппозициячы Зайд Саидов абактан чыгарылбай турганын Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён 4-февралда кабарлады.

Венесуэланын президенти Мадуро АКШга эскертти
Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөгү азыркы саясий каатчылыкка АКШнын аскердик кийлигишүүсү Америка үчүн «жаўы Вьетнам» болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter