У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандан Казакстанга жашыруун дары алып өтмөкчү болгон жаран кармалды


Финполициядан "Чалдовар" көзөмөл өткөрүү бекетинде Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан вируска каршы колдонулуучу медициналык препараттарды өлкөдөн чыгарып кеткенге аракет кылгандар кармалганын маалымдады. 

Маалыматка ылайык, анда алар дары-дармектерди алма салынган коробканын астына катып баратышкан.
"Финполициянын Жайыл жана Чүй райондук бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте дары-дармектерди мыйзамсыз чыгарып кетүүгө каршы иш-чара өткөргөн. Анда "Чалдовар" өткөрмө бекетинен Казакстандын жараны башкарып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда алма салынган коробкалардын астынан вируска каршы колдонулуучу эуфиллин дарысынан 520 таңгак жана левомакс препаратынан 460 таңгак табылган. Анын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter