У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз кызын сабап өлтүргөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди


Үрөй учурган окуянын башкы каарманы, тактап айтканда 15 жаштагы өз кызын мыкаачылык менен сабап өлтүргөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылган.
"Ыкчам иликтөө тобу барып, кыздын жансыз денесин өзү жашаган бөлмөдөн табышкан. Денеге бир нече жаракат келтирилген. Шектелип жаткан кыздын атасы 1971-жылы туулган Б.С. аттуу жаран. Учурда керек болгон бардык экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

6-июль күнү болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, анын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнү кабарланган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter