У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жибек Качкынова, мугалим: "45 мүнөттүн ичинде эне тилибизди толук түшүндүрүүгө, ага сүңгүп кирүүгө мүмкүн эмес"


Жаштар мугалимдик кесипке кызыкпайт, мугалим болгусу келбейт деген сөздөр акыркы кезде көп айтылбай калды. Анткени көпчүлүк жаштар ардактуу кесипти аркалап, татыктуу иштеп башашты. Өзгөчө жаштардын көбү чет тилдерди үйрөнүп чет өлкөгө барыш иштейбиз деп массалык агылып жаткан учурда эне тилибиздин келечеги үчүн күйгөн, кайдыгер эмес жаштарыбыздын да өсүп келе жатканын көрүп кубанбай койбойсуң. Кыргыз тили үчүн жан үрөп, борбордогу эң күчтүү жана алдыңкы мектептердин бири № 61- автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин  окуу-комплексинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жаткан, кыргыз тилин орус тилдүү балдарга үйрөтүп жаткан жаш мугалим Жибек Качкыновага микрофон узаттык.

- Жибек, мугалимдик кесипти бала кезиңден кыялданчу белең? 
Кыялданчумун, бирок мугалим болоорума көп ишенчү эмесмин. Кудайым  мага ушул кесипти буюруптур. Өзүм Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Чолпон айылынан болом. Чоң ата, чоң апамдын колунда чоңоюп,   тарбияландым. 8-класска чейин айылда болуп, 9-класстан баштап өз ата-энемдин тарбиясын ала баштадым. 69-мектеп-гимназиясында окуп, К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетин бүтүрдүм. Адистигим - "кыргыз тили жана адабияты" мугалими. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин өзүм аяктаган университетте 2 жыл окутуучу болуп иштедим. Учурда Бишкек шаарындагы № 61 - автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин    окуу-комплексинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип жатам. Үй-бүлөбүздө чоң апам математика, тай энем башталгыч класстардын,  апам кыргыз тили мугалимдери болгондуктан, балким мага мугалимдик кесип ошолордон улам мага жагып калгандыр.

Балдардын тилин табуу оңойго турбаса керек?
Албетте,  ар бир кесиптин оорчулугу болот. Бирок, өз кесибиңди сүйүп иштесең, оорчулугун жеңсең болот. Балдар менен иштешүү бир чети оор болсо,  бир чети кызыктуу. Мен ар бир баланын тилин табууга аракет кылам. Өз апасындай мээрим төкпөсөм дагы, эркелетүүгө, оюн угууга, туура тарбия жана эң негизгиси татыктуу билим берүүгө болгон күчүмдү жумшайм.


Мурда мугалимдин айтканы мыйзам болчу. Ата-энелер да болушчаак эмес эле. Азыркы ата-энелер такыр башка. Ата-энелер, эрке балдар менен иш алып баруу бир топ түйшүктүү болсо керек?
Чындыгында мурда мугалимдин сөзү мыйзам эле... Бирок,  биздин мектепте андай болушчаак ата-эне,  эрке окуучар жокко эсе.  Себеби  биздин мектепте окуйм деген балдар окушат.


Кыргыз тилин орус тилдүү балдарга үйрөтүү оорбу?
- Албетте,  оор. Себеби  кыргыз тилинде көчөдөн,  үйүнөн сүйлөшпөйт. Бир гана кыргыз тили сабагында кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылышат, а башка жерден жок... Бизди ушул абдан өкүндүрөт. 45 мүнөттүн ичинде эне тилибизди толук түшүндүрүүгө, ага сүңгүп кирүүгө мүмкүн эмес. Болушунча билим бергенге аракет кылабыз. Тилди эле үйрөтүп тим болбостон элибиздин салт-санаасы, үрп адаты, адабияты, маданияты, айтор кыргыздин ким экендигин таанытуу биздин милдетибиз. 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter