У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жетим жүрүп жетилген жылдыздар


Кимдир бирөө жаркырап эл алдына чыга келсе эле анын кандай тагдырды башынан кечиргенин билбей сындамай, суктанмай, көз артмай адам баласынын адаты эмеспи. Ошол себептен “сен мага бир нерсе айтуудан мурда менин өтүгүмдү кий, мен баскан жолду басып, мен чалынган ташка чалын” деген кеп бар эмеспи. Кыйынчылыктын артынан бакубат турмушка жеткен дүйнө жылдыздарын тизмектедик.


Таштанды деген сөздү жек көргөн Стив Джобс
Дүйнө элин суктандырган эң бай  Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобсдун эң жаман көргөн  сөзү “багып алды” деген сөз болчу. Бирок тилекке каршы канчалык бул сөздү жек көрсө да аны ата-энеси багып алгандыгы чындык. Дүйнөнү багындырган болочок жылдыздын энеси Джоан Шибле студент кезинде Сириялык Абдулфатта Джандали аттуу жаш жигиттен боюна бүтүп калат. Бирок кыздын ата-энеси чиркөө кызматкерлери болгондуктан, кызынын мындай тагдырга кабылганын өтө оор кабыл алышкан. Жаш кыз коркконунан ата-энесинин үйүнөн качып кетип уул төрөгөн. Багаар-көрөөрү жок болгондугуна байланыштуу уулун асырап өстүрөм деген адамдарга аманат кылып калтырган. Кийин Джоббстун энеси ата-энесиникине кайтып барган дешет айрым маалымат булактары. Жаңы төрөлгөн болочок жылдызды Пол жана Клара Джоббстор багып алышып, татыктуу тарбия беришкен жана сапаттуу билимге сугарышкан. Джобс өзүнүн ата-энеси бакма экенин моюнга алгысы келчү эмес жана анын бир гана эне-атасы бар экенин, алар Ждобстор экенин баса белгилечү. “Курама темир курч болот” дегендей төрөлөөрү менен турмуш сынына кабылган наристе бүтүндөй дүйнөнү багыдырган инсан болуп чыккан.


Баткактан суурулуп баатыр болгон Майк Тайсон 
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Тайсон жетим балдар үйүндө тарбияланган. Анын энеси баңгизатын көп колдонуп алып, эрте жашынан эле кайтыш болуп калган. Ал эми атасын Майк эстей албайт. Кароосуз калган баланы мамлекет асырап өстүргөн. Майктын достору да наркоман болушкан. Айрымдары көз алдымда көз жумушкан деп көп айтат атактуу спортчу. “Мен кудайдын буйругу менен эле аман калгам, жылдыз болушума, тренерим себепкер. Эгер бул адам болбогондо энем жана досторум сыяктуу мен да баңгизатына берилип кетмекмин”, - дейт дүйнө жылдызы көп маектеринде. Машыктыруучусу балбан жигитке ата-эне, бир тууган жана саяпкер болуп берген. 


Бакма деп ата-энеси  көзүн карай берип баркты билбей өскөн Николь Ричи
2 жашында жетим калган Николь Ричини боорукер адамдар багып алып асырап өстүрүшкөн. Жетим калган бечара деп багып алган ата-энеси,  оозунан чыккандын баарын алып берип, эч нерседен кем кылбай жатып кызды өтө эрке багышкандыктан кыз каалаганын жазап өскөн. Каалаганын кылган бала ата-энеге кайрымы жок болуп калат деген чын беле, айтор Николь бир нече жолу түрмөгө түшүп, ата-энесин кыйноого салган. Бирок бактыга жараша Николь чоң сүйүүгө кабылып, жолдошунун арты менен бийиктиктерди багындырган атактуу дизайнер болуп чыга келген. Анын колунан жаралган кийимдер учурда белгилүү жылдыздар кийген кийимдерге айланган.


Өз энесин эжем деп чоңойгон Джек Николсон
Атактуу кино жылдызы Джек Николсон ата-энем деп эсептеп жүргөн адамдары өз ата-энеси эмес тай ата-тай энелери экенин бой тартканда гана билген. Николсондун апасы жаш кезинен турмуштун запкысын тартып, уулун ата-энесине калтырууга аргасыз болгон. Баласынын тагдыры бузулуп, жетим өскөн деген сөзгө калбасын деген жаш эне уулум мени эже деп өссүн деп ата-энесине биротоло тапшырган.

Фабула Пресс
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter