У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айбек Мукамбетов Гансидеги дарыгерлерге 250 коргоочу кийим берди

“Сорос-Кыргызстан” фондунун Саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө четте карап турбай Гансидеги медкызматкерлерге 250 коргонуучу кийим жана жууп-тазалоочу каражаттарды сатып алууга 500 доллар жардам көрсөттү. Бул тууралуу Гансидеги медицина кызматкери билдирди. 

Маалыматта: «Коргоочу кийимдер дарыгерлердин өмүрүн сактай турган бирден-бир зарыл болгон каражат. Бүгүн Айбек Мукамбетов оорунун очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге 250 коргоочу кийимдерди алып келди. Биздин ден соолугубузга, өмүрүбүзгө кайдыгер карабай жардам берип жаткандарга ыраазыбыз. Коргоонуучу каражаттар бизге азыр абадай эле керек»-деп айтылат


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter