У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарында 15 күндүк кошумча күндүзгү стационарлар ачылат

Бишкек шаарындагы дагы кошумча стационарлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. 
 
«Калайык! Бүгүн өлкө башчысы бардык катмар менен иштегиле деп тапшырма берди. Коопсуздук кеңешинин тапшырмасы жана сунушу менен дагы кошумча күндүзгү стационарларды ачыр жатабыз. Бул жолу бизди бизнес өкүлдөрү колдоду. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов ишкерлер менен жолугушуп, алдыдагы иштер туурасында сүйлөшүүлөр болду. Жыйынтыгында төмөнкү даректерде кошумча күндүзгү стационарлар ачыла турган болду. 

1. Свердлов району, дордой базарынын жанында ачыла турган стационардын милдетин Аскар Салымбеков, Жумабек Салымбековдор өз мойнуна алып атат.

2.  Биринчи май районунда Кудайберген базарынын жанында ачыла турган стационардын милдеттин ОсОО «Елизавета», Суракматовдор өз мойнуна алды. 

3. Ленин районундагы Ош базар жакта ачыла турган стационар, милдетти Болот Бегалиев, «Берект гранд» өз мойнуна алды.

4. Октябрь районундагы "Тунгуч" жакта ачыла турган стационарга Шаршенбек Абдыкеримов, «Аю холдинг» жоопкер болду.

5. Ленин районундагы стационарга Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Канат Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Руслан Чойбековдор милдеттүү болушту.  
 
Стационарлар 15 күнгө ачылат. Шаар тургундары келип кеңеш алып, ийне сайдырып, тамчылатма ийне койдуруп кете алат. Дары- дармекти ала келгиле, калганы бекер. Бизнеске чоң рахмат»,-деди ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter