У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жетимиштен ашуун конок чогулган кыз узатуу тою токтотулду


Абал канчалык оорлошуп жатканына карабай той өткөргөндөрдүн да саны көбөйүүдө. Дал ушундай тойлордун бири, тактап айтканда 
70тен ашык конок менен Ош шаарында өтүп жаткан кыз узатуу тою токтотулганын Ош шаардык мэриясынан билдиришти. 

"Бизге Оштогу "Алтын-Ордо" ресторанында көп адамдын катышуусунда той өтүп жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Аны текшерүү үчүн атайын мэриянын алдында түзүлгөн топ менен барганыбызда, чындыгында эле 70тен ашык адамдын катышуусунда кыз узатуу жөрөлгөсү өтүп жаткан экен. Коноктордун басымдуу бөлүгү бет капсыз жүрүп, санитардык талаптар аткарылбагандыктан, биздин топ жеринде ал тойду токтотууну чечти. Ресторан ээсине 3000 сом өлчөмүндөгү айып салынып, имарат убактылуу, белгисиз мөөнөткө жабылды. Ал эми той ээлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар үйлөрүнө тарап кетишти. Мындай чара бир гана Ошто эмес, өлкө боюнча колдонулуп жаткан эреже болгондуктан, жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну жана санитардык талаптарды аткарууну суранабыз", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.

Маалым болгондой, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан ашык орундук ээленбесин деген талап коюлган. Санитардык нормаларды бузгандарга "бузуулар кодексинин" негизинде физикалык жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң өлчөмүндөгү айып салуу каралган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter