У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-судья Мамытов Эмилбек Насипович “кылмыштуу” ишине жооп берчү учур келдиби?..

 
Буга дейре маалымат каражаттарында экс-судья Мамытов Эмилбек Насипович Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” кеткени боюнча бир топ макалалар жарыяланган. 

Азыркы тапта экс-судья Эмилбек Мамытовдун жана анын кылмыштуу аракетине көмөкчү болгон нотариус Айгүл Кожомкулованын үстүнөн кылмыш иши козголуп, УКМК кылдат тергеп сотко өткөргөн. 

Экс-судья Мамытовго 204-статья (Алдамчылык), 359-статьясы (документтерди жасоо), нотариус Кожомкуловага 235-статья (ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу), 359-статьясы (документтерди жасоо) боюнча айып таккан кылмыш ишин Бишкек шаардык Свердлов райондук соту өндүрүшкө алып, соттук процесс жүрүп жатат. 

Сотто Кыргызстандык ишкер менен Россиялык жарандын «Меридиан-Логистик» компаниясын экс-судья Мамытов өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдук тастыктоосунун негизинде кантип тартып алганы, ошондой эле, Кыргызстандык, Казакстандык жана Россиялык жарандардын (бизнестеги өнөктөштөр) Бишкекке салышкан (ул. Осмонкула 113 менен Никитина 2 дарегиндеги) 4 кабаттуу, ар бири 1 миллион доллар турган эки офистик имараттарын бирин өзүнө, бирин жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовнага кандай алдамчылык жолдор менен каттатып алганы териштирилип жатат. Сот кандай акыйкат чечим чыгарат, азырынча айтуу кыйын. 

Дегенибиз, балким, экс-судья Мамытовдон башка мурда-кийин сот тармагында иштебеген, күч органдарында байланыштары жок жөнөкөй киши болгондо, эчак түрмөнүн төрүндө отурмак. Мындай чуулгандуу окуянын тергөө иштери 3-4 жылга чейин созулмак эместир. Бирок, шибегени капка ката албаган сыңары, баары бир чындык акыры чыкмак. “Ак ийилгени менен сынбайт” деген ырас экен. Эми сот бул ишке акыйкат баасын берип, жабырлануучулардын бир канча жылдан бери адилеттик таппай келе жаткан көйгөйүн мыйзам алкагында калыс карап, чечим чыгарып берет деп ишенели. Эгерде «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, ишти карап жаткан сот экс-судья Мамытовго жан тартып жиберсе, элдин сотторго карата ишенимине чоң сокку урулат. 
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бир канча ирээт «мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ» бар экенин белгилеп айтып келет. Өлкө башчысы бул маселени жөн эле айтып жаткан жок. Демек, мамлекет башчысында судьялардын былыктуу иштери боюнча жетиштүү маалыматтар бар. 

Айткандай, дал ушул жерден белгилей кетчү жагдай, айыпталып жаткан Эмилбек Мамытовду сотто коргоп, жактап жаткан адвокаты Котик Н.М өзү да буга чейин “Алдамчылык” боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон экен. Башкача айтканда, кызмат абалынан пайдаланып, бирөөнүн ишинимине кирүү аркылуу мүлкүн ээлеп алууга шектелген. Ал эми экс-судья Мамытов менен кошо айыпталып жаткан нотариус Кожомкулова Айгүл дагы мурда бирөөнүн машинасын, бирөөнүн квартирасын жасалма жол аркылуу башкаларга өткөрүп берген жоругу үчүн “документ жасалмалоо” боюнча алдамчылыкка шектелип, кылмыш иши козголгонун белгилеп коюшубуз керек. Бекеринен “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” деп айтылбаптыр. Тагыраагы, президент айткандай «мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ» бар экенине ынанасыӊ. 

Кызыгы, судья Курманов Ашыр Такишевич нотариус Кожомкулованын жолдошу болот. Кожомкулова кылмышке шектелип кылмыш иши козголгондон кийин, жолдошу судья Ашыр Курмановдун карьерасына залакам тийбесин деген максатта документ жүзүндө жалган ажырашып алышкан. Учурда, Курманов жубайын кылмыштан кутултуу үчүн болгон байланыштарын ишке киригизип жатканы жашыруун деле эмес. Айтмакчы, Кожомкулова алгачкы тергөө жүрүп жатканда “менин жолдошум судья” дегенди басым кылып айтып, жазып жүргөн. Кийин эле ажырышкам болуп калды. 

Демек, экс-судья Эмилбек Мамытовдун төбөсү чыккан кылмыштуу иш сотто акыйкат каралып, мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баасын алууга тийиш. Арийне, бул чуулгандуу окуя тууралуу президентке да кайрылуулар жетип, кабардар болгон.  Андыктан, сот тармагына реалдуу реформа жүргүзүүнү талап кылып жаткан Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков инвесторлорго көлөкө түшүргөн бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгышына кызыкдар десек жарашат. 

Айткандай, сот экс-судья Мамытовду алдамчылык боюнча Казакстандык «Шынгар Транс» компаниясы Алматы шаардык сотуна берип 30 000 долларга,  дагы бир Казакстандык  «Блюс парк» компаниясы 40 000 долларга жакын доо коюп, утуп алышкан жагдайды эске алса ашыкча болбойт. Ошондой эле, дагы бир Казакстандык «Инком транс»   компаниясы 80 000 доллар доо коюп сотко бергенин да белгилеп коюшубуз парз. Дегенибиз, экс-судьянын “көз боёмоочулук” иштери эл аралык деңгээлде экени билинип жатат.

Ошондой эле, экс-судья Эмилбек Мамытовдун баласы Эмилбеков Мырзабектин үстүнөн да “Кыргыз темир жолу” ишканасына 6 292 842 сом зыян келтирген иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жубайы Шаршенова Чолпон Төлөмүшовна бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга шектелүүдө. Ага Бишкек шаардык ИИББ иш козгогон. Айтор, экс-судья Мамытовдун үй-бүлөсү алдмачылыкка шектелгендер. 

Эркин Кулуев
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter