У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте айрым бала бакчалар ишин жандантпайт...


Кечээ бала бакчанын үч кызматкеринен коронавирус табылганы балдарын бакчага берем деп даярдык көргөн ата-энелердин үрөйүн учурду.

Мындан улам бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна текшерилип, имараттары дезинфекцияланды. Ал эми  борбордогу №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок. Учурда анда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шаартында Кыргызстанда бала бакчалардын иши 23-марттан тартып карантинге жабылган. Өкмөт бала бакчалардын иши 5-июндан тарта жанданарын кабарлаган


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter