У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин пресс-катчысы коронавирус жуктуруп алды


Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали коронавирус жуктуруп алганы маалым болду. Ал бардык зарыл болгон талаптарды аткарганына карабастан, вирусту жуктуруп алганын, учурда бейтапканада жатканын жана абалы канааттандырарлык экенин билдиргенин казак басылмалары жазышууда. 

Пресс катчынын айтымында, өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев ишин түзүлгөн тартип боюнча уланта берет. Токаев дайым тест тапшырып турат, анын ден соолугуна коркунуч жарата турган эч нерсе жок.

Казакстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 12 миң 694кө жетти. Анын ичинен 1 миң 44 бейтапта илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter