У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзуура Иманалиева: "Мындай оор жоготууга экинчи ирет учурадык. Бирок өзүбүздү колго алып, фонд ачуудабыз"


Ак таңдай акын, залкар талант, КР эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевди кокус жерден жоготуп, жумурай журт кайгырып, эстеген сайын ичи ачышып турган чагы. Залкар таланттын атын алып жүрүүчү коомдук фонд ачылып, аны бир тууган агасы Айдарбек Иманалиев жетектей тургандыгын маалымат булактарына кызы, фонддун түзүүчүсү Айзуура Иманалиева билдирди.  

Анын айтымында, уюм коммерциялык болбогондуктан материалдык пайда табууну көздөбөйт. Иманалиева фонд адамдын жан дүйнөсүн азыктандырчу казына болоруна ишенерин белгиледи.

"Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууга экинчи ирет учурадык. Бирок өзүмдү колго алып, атамдын экинчи өмүрүн узак кылууну тилек кылып, бир туугандары менен "Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун" ачууну туура көрдүк. Атамдын талантын баалап, анын ишинин уланышына кызыкдар адамдардын бар экени көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддо иш алып барсак туура болчудай. Анүстүнө өлгөн адамдын атын жамынып, акча табуунун айласын кылгандарды да көрдүк. Биз ага жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык", — деди Иманалиева.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter