У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чач жасалгасы үчүн бүтүрүүчүнү бүтүрүү кечесине киргизбей койду

Америкада бүтүрүүчү кыз чачын афиркалыктардыкындай кылып өрүп, күлгүн түскө боеп алганы үчүн мектеп жетекчиси ага аттестат берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу бүтүрүүчүнүн апасы Кианы Хупер билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.  
 
Анын айтканына караганда, Техас штатындагы «Gladewater» мектебинин директору 18-жаштагы бүтүрүүчү Кианжененин апасына чалып, чач жасалгасы менен чачынын түсүн өзгөртпөсө аттестат тапшыруу салтанаттына киргизилбей турганын айткан.

«Силер аттестатты адамдын чачына карап бересиӊерби. Дүйнөдө азыр ушундай абал болуп турганда бул кылганыӊар туура эмес»,-деп жооп кайтарган Хупер.
 
Ал эми мектептин жетекчилиги бул маалыматка, окуучуга чачынын түсүн гана өзгөртүүнү айтканын, анткени Кианжененин чачынын түсү аттестат тапшыруу салтанатына киризилген дресс-коддун талаптарына жооп бербей тургандыгын билдирген. 
 
Жергиликтүү басылмалардын маалыматтына ылайык, Кианжене чач жасалгасын да, чачынын түсүн да өзгөртүүдөн баш тарткандыктан бүтүрүү кечесине катыша албай калган. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter