У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызым казак жигитке турмушка чыгып, аты-жөнүн өзгөртүп, казак болуп алды


"Кызым ырчы болгусу келчү"
Кызым кичинесинен ырчы болууну кыялданчу. Мектепти аяктап музыкалык окуу жайга тапшырам деп жүргөн кезде жарнамадан Казакстандын музыкалык окуу жайына кабыл алуу болуп жатканын окуп калып, ошол жакка кетем деп чыкты. Каршы болгонубузга карабай кетти. Окуусун жакшы аяктады. Кыргызстанга келгенде эмне иш кылат элем деп ошол жактан эле иштеп, ошол жакка эле жашагысы келип калды. Турмушка да казак жигитине чыгам деп көгөрүп жатып чыгып кетти. Кыргыздын салт-санаасы менен узаттык. Казак боордоштор кыргыздардай эле болгону менен баары бир кыргызга эле турмушка чыгып, Кыргызстанда эле жашаса болмок деп ичимден чийки май жегендей абалда калдым.

"Аты-жөнү, улутунан өйдө өзгөртүп алган..."
Бирок өкүнгөндө эмне, башкысы кызым бактылуу. Күйөө бала бизнесмен, кызым ырдап жүрөт. Турмушу жакшы, Астанада өздөрүнүн үйү бар, иштери бар, балдары бар. Бирок кызым турмушка чыгып жатып азан чакырып коюлган атын, фамилиясын кошо өзгөртүп, улутунан өйдө "казак" деп жаздырып алды. Анткени ал иштешкен продюсердик борбордун талабы ошондой болуптур. Анын мындай чечимин жолдошу да кош колдоп колдогон экен. Атын өзгөртөм дегенинен атасы катуу таарынып, азыркыга чейин таарынычы тарай элек.

"Атасы ошол күндөн бери таарынып жүрөт..."
Атасынын көңүлүн алабыз деп унаа белек кылышты, бирок атасы дале таарынып жүрөт. Экөөнүн ортосунда мен абдан чайналып бүттүм. Атасы эл караган жүзүмдү жер каратты деп капа болуп калат. Кызым болсо ишим жүрүшүп жатса, жашоом жакшы болсо болду да. Кыргыз жигитке турмушка чыксам балким азыркыдай эмес, кыйналып жашап калат белем, тагдырым ушул болсо эмне кылайын, бактылуу болсун дебейсиңер деп капа болот. Кызым бактылуу болсо болду, бирок аты-жөнүн калтырып эле жашай берсе жакшы болмок. Баарынан да интервьюларында атам казак, апам кыргыз деп айтат. Бир чети күлкүң, бир чети ыйлагың келет экен...

(Fabula.kgге келген купуя каттардан)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter