У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бөбөктөрдүн майрамы кут болсун! Балдарды коргоо күнүнө карата алгачкы онлайн саммит өтөт


Бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнү! Эртеңки келечегибиз болгон бөбөктөрдү куттуктайбыз! Дүйнөдөгү бардык бөбөктөр бактылуу болушсун! 

Бул күнгө карата 1 жумадан бери балдар жумалыгы КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өтүп, бөбөктөргө арналган түрдүү жомоктор, ырлар окулуп, куттуктоолор айтылууда, онлайн концерттер өтүүдө.

Ушундай саамалыкты улай, өлкөдө балдарды коргоо күнүнүн урматына алгачкы онлайн саммит өтөт. Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, БУУ Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана өлкөнүн ар кайсы аймагынан элүү бала катышат.

Саммитте өспүрүмдөр зомбулук жана алар кабылган көйгөйлөр тууралуу маселелер тууралуу талкуулашат.

Аягында зомбулукту токтотуу боюнча балдардын кайрылуусу кабыл алынат. Кайрылуу Тумар Манифести менен бирге маалымат каражаттарына таратылат. Манифестке бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана балдарга күч колдонууга тыюу салууну колдоо үчүн 10 000ден ашуун адам кол койгон.

Саат 11:00де саммит ЭлТР телеканалында түз алып көрсөтүлөт. Түштөн кийин саммитти КТРК жана башка мамлекеттик, коомдук телеканалдардан көрсөтүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter