У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы чыр. Эки тарап кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүп жатат


Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох району чектешкен жердеги Чечме айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынды.

Учурда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Cүйлөшүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркынбек Максүтов жана райондун акими Алгынбай Имаров катышууда. Ал эми өзбек тараптан Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев жана Сох районунун акими катышып жатат.

Эки тараптан тең бир нече адамга таш тийип, "Тез жардам" кызматынын жардамын алган. Бир киши башына тийип, ооруканага жеткирилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter